Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Акматбек: “Өлкөнү оңдоо үчүн күчтүү премьер-министр келиш керек эле”

Руслан Акматбек: “Өлкөнү оңдоо үчүн күчтүү премьер-министр келиш керек эле”

06-февраль, 14:12
1 417 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясат талдоочу учурдагы бийликке сын пикир, сунушу менен бөлүшүп, талуу маселелерди айтканга аракет жасады.

-- Башынан эле оппозициялык пикир айтып келесиз. Кадр алмашуулар, биринчи кадамдар кандай ойдо калтырды?

-- Мен башкалардан айырмаланып, жаңы келген президент өлкөбүздү өзгөртүп жиберерине башынан ишенген эмесмин. Алардын сүйлөгөн сөздөрү, жасаган иш-аракеттери, чечимдери, кадамдары буга чейинки тарыхы, үгүт учурундагы нерселер, акыркы топтогон командасы ич жылыткан жок. “Өлкөнү оңдойм” деген адам күчтүү премьер-министрди алып келип, ошого “эки тизгин, бир чылбырды” берип, “оңдо” дейт. 

Учурда эски Конституция менен иштеп жатабыз. Азыр кийлигише албайт. Ошондон коркпойт. Анткени артында эли бар. Ачык-айкын айтат. “Мен президент катары азырынча көп кийлигише албайм. Бирок жакшы конституциялык реформа өткөргөнгө чейин күчтүү премьер-министр алып келдим. Ал адам кыйынчылыктан сууруп чыгат. Тобокелчиликтерди азайтат. Кызмат кылып берет” деши керек эле.  Антип айткан жок. Баягы илгерки салт уланып эле “чимкирик” парламент формалдуу түрдө жыйынтык чыгарып, “урматтуу президент” деп жагымпоздонушуп, президенттен келген буйрукту күткөнүн көрсөтүп жатышат. Бул компромисттик фигура экени, бийликти бекем кармап калуу аракети катары ачык-айкын көрүнүп калып жатат. Приоритетте элдин турмушун оңдоп, жакырчылыктан чыгаруу эмес, биринчи приоритет – бийликти бекемдеп калуу маселеси болууда. 

Реформа жасаш үчүн үч нерсе керек: биринчиден, команда. Экинчиден, билим. Үчүнчүдөн, чечкиндүүлүк. Команда кандай болуп калды? Иштеп жаткандын баарын алды. Анча-мынча “коррупцияны жоготом” дегендерди жок кылды. Революциядан кийин кардиналдуу нерсени күтүп жатканбыз да. Бул катардагы өкмөт алмашуу эмес. Катардагы кеткен 32 премьер-министрдин бири эмес. Өзгөчө абалда турабыз. 

Эл ишенип, “эки тизгин, бир чылбырды” берди. Эми премьер-министрди жылдырганга Конституция жолтоо болбойт да? Турмушту оңдогонго Конституция жолтоо болобу? Айтор белгисиз...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер