Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мишустинге өзүнчө жооп берүүнү айткан Касымалиевге кулак кагыш

Мишустинге өзүнчө жооп берүүнү айткан Касымалиевге кулак кагыш

28-февраль, 19:21
1 317 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин кыкеңдерге доомат артып, орустардан келген инвесторлорду коргоп, опузалап акча талап кылууну эскертип, кысымды токтотууну баса белгилеп, оор айыптоо жасаган. А биздин Адылбек Касымалиев жетиштүү жооп бере албай, бул маселени териштирип, өзүнчө кабарлай турганын билдирген. Андан бери бир топ убакыт өтүп кетти. Министрлер кабинетинин төрагасы жооп бердиби? Бул жагы ачыкталбай, жабылуу бойдон калып калгандай. Аныгында Россия Федерациясы менен стратегиялык өнүктөшпүз, дос мамлекет катары этият болушубуз керек. Эл аралык мыйзамдарды, талаптарды туура сактап, түз жолдон тайып кетпесек. Ансыз да Адылбек Касымалиевдин дарамети чектелүү болуп атпайбы. “Бечелге жөтөлдүн кереги не?” дегендей кеп да. Кыскасы, Мишустинге кандай түшүндүрмө жасаганы кызык. Маалымдап койбойбу?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер