Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чилдедеги 28 гүл

Чилдедеги 28 гүл

28-ноябрь, 19:30
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Солдон биринчи: Муса Алымбеков. Оңдо, четте Аскар Акаев. 1990-жыл, декабрь

КР президентинин башкаруу академиясынын кафедра башчысы, юридика илимдеринин кандидаты Муса Алымбековдун сүрөт баяны.


-- СССР эл депутаттарынын төртүнчү съезди өтүп жаткан 1990-жылдын декабрь айынын кезектеги демалыш күнүндө кыргызстандык депутаттарды Волоколамск шоссесиндеги Дубосеково разъездине баруусун уюштурдум. Съезддин башкаруу тобунан атайын транспортту жана милициянын коштоп жүрүү кызматын кошо алып, 28 баатырдын боордоштук мүрзөсүнө жөнөдүк. Максатыбыз – куран окутуу жана эрдиктерине таазим эте гүлдесте коюу. Кары калың, суугу чыкылдаган чилдедеги орус кышынын декабрь айында кандай болорун элестете бериңиз. Ал эми ошондой суукта душмандын темир селин – танкаларын өткөрбөй, өмүрлөрүн кыйган баатырлардын эрдигин эмнеге салыштырса болот?!

Ак кардан шейшеп жабылгандай мүрзөлөр жана баатырлардын аты-жөнү жазылган мармар такта ансыз да унчукпай аза күткөн биздин депутаттык топту түпсүз жымжырттыктын кучагына алып кеткендей... Алыс эмес жердеги чиркөөнүн кагылган коңгуроосу 28 гвоздиканы эстеликке коюш керектигин эскерткенде гана эсибизге келе, жалпы таазим эте башыбызды ийдик.

Кыргызстан менен Казакстанда түптөлгөн 316-дивизиянын ошол жамааттык эрдигинде Дүйшөнкул Шопоковдун да тийешеси бардыгын, элдер достугунун жана ынтымак менен тынчтыктын баасы канчалык экендигин эмки муундарга жеткирүү руханий жана патриоттук тарбиянын табылгыс булагы экендигине эң башкы басым коюлушу шарт.

Мына ушундай маанидеги маегибизди фотосүрөт менен тастыктаган Муса Алымбеков ошол токсонунчу жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин уюштуруу бөлүмүндө иштеген.


Басууга даярдаган Памирбек Казыбаев. 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер