Акыркы кабарлар
» Саясат » Кумтөр: “Центерра” Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
Кумтөр: “Центерра” Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
14-сентябрь, 18:58
1 267 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кениндеги ишти токтотуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” билдирүү таратты. Кыргызстандык компаниянин кечээки маалыматына караганда, канадалык ишкана өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында жаман көрсөтүүгө аракет кылууда.
Кумтөр эске салгандай, буга чейин кызматкерлердин электрондук маалымат базасын колдонуусуна бөгөт коюлган. Андан тышкары, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын электрондук базасындагы документтер өчүрүлгөн. Мындан улам салык төлөө, айлык жана башка документтерге тийешелүү иштер тоскоолдуктарга учураган. Компания “Центерра” ишканасына бир нече жолу кайрылганы менен документтерди калыбына келтирүү боюнча өтүнүчкө жооп болбой жатканын билдирди.
Ошондой эле канадалык компания жеринде жабдууларды орнотуу иштерин үзүлтүккө учуратуу үчүн АКШда сотко кайрылып, банкрот жарыялоо боюнча демилге көтөргөн. Бирок ошол эле учурда мурдагы келишимдерге ылайык товар жеткирүүчүлөр өз милдеттерин аткара беришкен.