Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чүйдө колледждин студенттерине башка диндин китептери мажбурлап окутулуудабы?

Чүйдө колледждин студенттерине башка диндин китептери мажбурлап окутулуудабы?

29-декабрь, 17:26
1 338 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шопоков шаарында жайгашкан колледждердин биринин студенттеринин кайрылуусунда аларга окуу жайда башка диндин китептери мажбурлап окутулууда. Окуя боюнча бардык керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Аталган факты электрондук журналга катталды.

2021-жылдын 28-декабрында саат 15:20 чамасында милиция кызматкерлери социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Шопоков шаарындагы билим берүү мекемелеринин биринин окуучуларынын видеокайрылуусун аныктап, анда аталган мекеменин мугалимдери күч менен аларга башка диндин китептерин окутууда. Ошол эле учурда бул окуу жайдын ректору окуудан баш тарткан учурда окуудан чыгарууга мажбурлай турганы да кайрылууда айтылган. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле комплекстүү иликтөө максатында Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер