Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактияр Ургазиев: “Биздеги айыл өкмөттүн бюджети 100 пайыз, салык жыйымдары 162 пайызга аткарылды”

Бактияр Ургазиев: “Биздеги айыл өкмөттүн бюджети 100 пайыз, салык жыйымдары 162 пайызга аткарылды”

24-январь, 09:00
2 803 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаргылчак айыл өкмөтү экономикалык-социалдык жактан алдыга өсүп бараткан райондогу үлгүлүү айыл өкмөттөрдүн бири. Аймагында Жеңиш, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек айылдары. Жалпы калктын саны 12979, кожолуктун саны 2311. Жети-Өгүз районунун алдыңкы айыл өкмөтү Бактияр Ургазиев мырза 2023-жылдын июль айынан бери аталган айыл өкмөтүн жетектеп келет. Биз Бактияр мырзанын жарым жыл ичиндеги кылган иштери тууралуу кыскача кепке тарттык.

-- Бактияр мырза, сөздү эмнеден баштасак?

-- Жергиликтүү бюджетибизден аймагыбыздын инфраструктурасын жакшыртууга каралган каражатты үнөмдүү жана максаттуу пайдаланууда ишибиз тууралуу сөздөн баштасам дейм. Анткени, ички жана тышкы инвестиция тартууда бир топ тажрыйба топтоп алдык жана үзүрү жаман эмес. 

-- Мисалы, сөздөн сандарга өтсөк болобу? 

-- 2023-жылы жалпы инвестиция көлөмү 145 048 175 сомду түздү. Былтыркы жылы Ак-Терек айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 19 000 000 сомго, Кичи-Жаргылчак айылында бала бакча 75 000 000 сомго, Жеңиш айылында Бейшенбек Укуев атындагы орто мектебинде 7 342 735 сомго оңдоп түзөө иштери жүрүп, азыркыга чейин уланып жатат. Жеңиш, Ак-Терек айылдарында мечиттер салынды. Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарында кичи футбол аянтчалары ишке берилди. Кичи-Жаргылчак маданият үйүнө бюджетибизден 1 363 080 сом, республикалык бюджеттен 1 817 918 сом бөлүнүп, ремонт иштери толугу менен бүткөрүлдү. Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек айылдарынын кокту-колот сууларына чакан ГЭСтерди куруу иштери башталганы турат. 

-- Элди социалдык жактан коргоодо кандай муктаждыктар бар жана аны кандай шартта чечип жатасыздар? 

-- Муктаждык жок эмес, ошентсе да 2023-жылы жергиликтүү бюджетибиздин каржылоосу менен комбайн, автожүктөгүч, автогрейдер сатылып алынды. Айыл өкмөтү каклкты социалдык жактан коргоодо элибиздин саламаттыгы үчүн таза суу көйгөйүн чечүүдө мектептерге, маданият мекемелерине колдоо көрсөтүп келет. Жаштар менен иш алып барып, массалык спортту жайылтуу аракетиндебиз. Айылдарыбызды да таза кармоодо иштерибиз сөзгө аларлык. Аймак боюнча каттоодо турган аз камсыз болгон, кары-картаң, оорулуу, майыптыгы бар үй-бүлөлөргө бюджеттин эсебинен 435 миң сомдук ар тараптуу жардам көрсөтүлдү. Мектептер, маданият мекемелери, бала бакчалар 2023-2024 жылдардын кыш мезгилине көмүр менен толук камсыз болушту.

-- Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому кантип атат?

-- Ал боюнча айыл тургундарынан мыйзамсыз курулуштарын мыйзамдаштырып берүү тууралуу 383 арыз түшкөн. 64 жарандын арызына комиссиянын оң корутундусу берилди. Азыр 67 жарандын арызы каралууда. 

-- Кадр маселеси айыл өкмөтүндө да бар чыгар?

-- Айыл өкмөт кызматкерлери аттестациядан өткөрүлүп, кадрларды өнүктүрүүнүн үстүндө иштер жүрүп, алардын квалификациясын жогорулатуу максатында окуу-семинарга маал-маалы менен жөнөтүлүп турат. Учурда беш жаран кадрлар резервинде турат. Бүгүнкү күнгө айыл өкмөтүнүн бюджети 100 пайыз, жалпы салык жыйымдары 162 пайызга жүзөгө ашты. Учурда айыл өкмөтүбүз 2023-жылдын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишин жогорку деңгээлде аткардык десем жаңылбайм.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер