Бишкек шаардык кеңешин Куванычбек Конгантиев менчигиндей “мингенде”

Кан төккөн Бакиевдердин башкы прокурору Камбаралы Конгантиевдин баласы Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинен кынык алып, 2012-жылдан бери улам депутат, анан төрага болуп келатат. Качан тоёт? Ансыз да көпөстөй байыганын кантесиңер? Бул жагын өзүнчө сөз кылабыз. Азырынча көзгө сая көрсөтө турган башка маселе бар. Бишкек шаардык кеңешин Куванычбек Конгантиев башында турган бир ууч чиновник, байлардын балдары “монополия” кылышып, он жылдан ашык убакыттан бери жыргап келишет. Мандаттарына таянышып, борбор калаадагы чүйгүн жерлерди чечип алышабы? Капчыктын күчү менен айланып келип эле ушулар бийлей беришкени кызык. Улам келген мэрди калчашып, каалаганын жасай беришсе, жогору жактан “кой-ай” деп коюш керек да. Бирок, Конгантиевдер үй-бүлөсү менен күч органдарынын жетекчилерин колго алышып, төбөлдөргө чейин мамиле түзө коюшканын карабайсыңарбы? Айтор, жакында оңолбой калдык окшойт...
"Азия Ньюс" гезити