Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүн Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Суроо-талаптарды аткаруу үчүн кайра шайлоого катышам”

Сүйүн Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Суроо-талаптарды аткаруу үчүн кайра шайлоого катышам”

21-сентябрь, 22:57
595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сүйүн Абдылдаевич, парламенттин өзүн өзү таратуусу боюнча демилгечи топто сиз да бар экенсиз. Бул чечимге эмне себеп болгонун негиздеп бере аласызбы?

-- Мындай да, быйыл июнда биз шайлоо боюнча жаңы мыйзамды кабыл алганбыз. Ага ылайык, парламенттик шайлоо келерки жылы ноябрда өтсө, андан соң январда президенттик шайлоо өтмөк. Эки шайлоо удаа келгени маселе жаратат го (?) деп биринчи күдүк ошондо эле жаралган. Экинчиден, келерки жылы ШКУнун жыйыны да болот. Үч саясый өнөктүктү удаа-удаа өткөрүү аябай эле кыйынчылык туудурат. Ошондуктан, кесиптештерим демилге көтөрүшкөндө мен да макулдугумду бердим. Башмыйзамдын 84-беренесинде, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамда да депутаттар өзүн өзү тарката алары каралган. Ошон үчүн демилгечи топ түзүлдү.

-- Эгер сыр болбосо, сиз эмки шайлоого катышасызбы?

-- Албетте, катышам. Себеби, мен демилгелеген көп мыйзам долбоорлору биринчи, экинчи окуудан кабыл алынды. Анан шайлоочуларымдын кээ бир суроо-талаптары да жарым-жартылай аткарылып калды. Эми ошолорду аягына чыгарышым керек. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер