Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Самаков, ЖК депутаты: “Сапаттуу электр энериягиясы үчүн баасы бир аз көтөрүлсө колдойм”

Кубанычбек Самаков, ЖК депутаты: “Сапаттуу электр энериягиясы үчүн баасы бир аз көтөрүлсө колдойм”

20-январь, 12:31
1 126 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубанычбек Карганбекович, кечээ тармактык комитетте май айында инфляциянын көлөмүнө жараша электрдин баасы 15-20 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн экени тууралуу сөз болду. Сиз бул кадам канчалык туура деп ойлойсуз?

-- Биз Орто Азиядагы эң арзан электр энергиясын пайдаланган, ошол эле учурда эң эски, жарактан чыгып бараткан электр жабдыктарын колдонуп жаткан өлкөлөрдүн катарына киребиз. Ооба, бизде электрдин баасы арзан, ошол эле учурда көмөк чордондорубуз, линияларыбыз, трансформаторлорубуз эскирип бүткөн. Албетте, аларды жаңыртуу маселесин элдин чөнтөгүнө кол салбай туруп чечкенибиз жакшы. Бирок, акча каражатыбыз тартыш болгондугуна байланыштуу, элге сапаттуу электр энергиясын бериш үчүн анын баасы бир аз көтөрүлүшүн мен колдойм. Бирок, мугалимдер, врачтар, пенсионерлер сыяктуу калктын аярлуу катмарларына эмес, башкаларга кымбаттаса, айлык акыларына, пенсиясына жараша дифференциация болсо деген ойдомун. Ансыз кыйын. Сапат алыш үчүн биз акча төлөшүбүз керек. Бирок, ошого жараша энергетика министрлиги электрдин элге веердик өчүрүүлөр болбой, үзгүлтүксүз берилишин камсыздоого тийиш. “Мен электрге акча төлөп берейин, бирок силер да мага жарык өчпөшүнө кепилдик бергиле дегендей. Ушуну камсыздай турган болушса, ошондо мен колдойм. 

-Анда электрди элди нааразы кылбагандай кылып кымбаттатса болот турбайбы?

-Ооба да. Жөндөн-жөн эле түшүндүрбөй туруп, үстүнө акча кошо берсе, эл нааразы болот да. Бирок, элдин социалдык катмарына жараша, этап-этабы менен көтөрүлсө, анда эл түшүнөт деп ойлойм. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер