Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адилет Айтикеев, журналист: “Трамп деле миллондогон мигранттарды сыртка чыгарып жиберүүгө кызыкдар эмес”

Адилет Айтикеев, журналист: “Трамп деле миллондогон мигранттарды сыртка чыгарып жиберүүгө кызыкдар эмес”

11-март, 21:37
700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- АКШда бийлик алмашканы мигранттар үчүн кандай өзгөрүүлөр болууда?

-- АКШга Трамптын кайра шайланышы менен ички саясатында эч кандай деле өзгөрүүлөр орун алган жок. Анда-мында эле жолдогу станцияларда “трак айдоочуларды токтотуп жатыптыр” деген сөздөрдү угуп калабыз. Ага далил деле жок. “Трамп мигранттарга катуу мамиле жасап жатыптыр” деген имиштерди гана уктук. Негизи, күнүмдүк эле депортациялык иштер жүрүп жатат. Так белгилей кетчү нерсе, буга окшогон депортациялык аракеттер Байдендин, Обаманын убагында деле болгон. Керек болсо Обаманын убагында аябай көбөйгөн да. Ошондуктан, учурда мурдагы Байдендин убагындагыдай эле. “Биз мигранттарды чыркыратып самелот менен ташып жатабыз” деген куру кептер айтылып келет. Болгону Трамп шоумен катары саясаттын баарын кызытууда... 

Экинчи жагынан, Трамп дыйкандар, малчылар, жумушчулар, фермерлер дегендей кара жумуш күчтөрүнө “Американы мигранттардан тазалайм” деген урааны үчүн дагы көп колдошкон. Анан ошолорго көрсөтүш үчүн Байдендикиндей эле депортацияларды жасап, бирок ошону “мен мына убадамды аткарып атам” дегендей коомчулукка алып чыгууда. Трамп деле миллондогон мигранттарды сыртка чыгарып жиберүүгө кызыкдар эмес. Анткени ал түшүнөт. Мигранттардын баарын айдап салса, экономикасы эңшерилип калат. Жумушчу күчтөр, чыгарылган продукциялардын баасы кымбаттайт. Аны Трамп түшүнөт, сырттан жымсалдап коюп эле токтойт. Мурда Байден күнүнө 50 кишини тамак-ашын берип, акырын узатып койсо, булар болсо аскердик самелетторду жалдап, эки колуна, бутуна  кишен салып, тамак бербей, Американын айланасына ташташат. Андан ары БУУнун качкындар боюнча комиссариаты аркылуу даректерин тактап, анан депортациялык иштерди улантышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер