Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Темиркулов: “Буюккан эл толкуп кетиши мүмкүн”

Азамат Темиркулов: “Буюккан эл толкуп кетиши мүмкүн”

18-июль, 12:23
1 071 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Вирус күчөп, эл оор абалда. Алдыдагы күн-айларга кандай аналитика жүргүзүүдөсүз?

-- Азыр элдин маанайы өтө төмөн. Эл бийликке нааразы болуп жатат. Бир жагынан пандемия көйгөйү болсо, экинчи жагынан саясый сферада элдин маанайы начар болуп, провокация болсо, буюккан эл толкуп кетиши да мүмкүн. Мындай коркунуч бар деп ойлойм. Келе жаткан күздө экономикалык кырдаал деле жакшы болбой тургандай. Ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Мисалы, кээ бир адамдар жумуш ордуларын жоготту. Биздин мигранттарыбыз Россия, Казакстандан кайра кайтып келишти. Алар өз жумуштарын жоготуп, жакындарына акча сала албай калышты. Ошон үчүн күзүндө экономикалык жактан да кыйыныраак болуп калышы мүмкүн. Ошондо азыркы элдин маанайы ого бетер чөгүп, нааразычылык ого бетер күчөп кетиши мүмкүн. 

Бийлигибиз азыр кышка кандай даярдык көрүп жатат? Бул да чоң суроо. Кышка даярбызбы? Айрыкча бейтапканалардын абалы кандай? Кышында кандай күндө болот? Жылуулук маселеси чечилгенби? Мына ушулардын баары маанилүү суроолордун бири. Кышында ооруканаларда, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдө нааразычылык күч алат. Жазга келгенде коомдук-саясый кырдаалда нааразычылык күчөп, кандайдыр бир дестабилизация да болуп кетиши ыктымал. 

-- Муну болтурбаш үчүн эмне кылуу керек?

-- Менин оюмча, өкмөт маселелерди чечиш керек. Биринчиден, пандемияны токтотууга жан үрөп аракеттенип, элге жакын болуп, кандайдыр бир жолдор менен элди куткарып алуу керек. Экинчиден, экономика жагынан алганда, жумушсуз калган адамдарга жардам берип, же аларга жумуш орунун түзүүнү ойлонуштуруу кажет. Үчүнчүдөн, кышка азыртан кам көрүп, айрыкча аймактарды жылуулук менен камсыздоону чечүү зарыл. Алгач ушул үч көйгөйдү чечсе, андан элдин нааразычылыгы кетип калбайт, бирок, дестабилизацияга алып барбай, алдын алууга жардам берет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер