Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Саясат » “Ити чөп жеген” айымдар
“Ити чөп жеген” айымдар
13-март, 22:58

Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен саясаттагы таасирдүү 50 аялдын тизмеси Телеграм каналына жарыяланыптыр. Элдин колдоосуна ээ болгону, коомчулуктагы жогорку орду жана талыкпас аракеттери, эмгектери да эске алынса керек. Тизме алдында Валентина Матвиенко, Мехрибан Алиева, Светлана Медведева ж.б.
Ал эми Кыргызстандан Айгүл Жапарова менен Жамиля Исаева да катарга кошулганы маалымдалды. Бул балким аванс, же реалдуулукпу? Калың калк баа берсин. Биздин байкаганыбызга караганда, Айгүл, Жамиля айымдар саясатка анчалык аралашпай, өз жолдору менен бараткандай сезилишет. “Иши илгери болордун ити чөп жейт” демекчи, мындан ары да жагымдуу маанайда коштоло беришсин...
"Азия Ньюс" гезити