Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Малды касапканада гана сойгула” деген туура эмес”

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Малды касапканада гана сойгула” деген туура эмес”

24-ноябрь, 18:20
576 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аманкан Батырбекович, малды касапканаларда гана союуну сунуштаган мыйзам долбоору боюнча пикириңиз кандай?

-Кечээ биз ал мыйзам долбоорун артка кайтардык. Америкада, Европа өлкөлөрүндө малдын баары касапканаларда союлат, башка жерде сойгондорго айып пул салынат. Бизде да ошондой чаралар сунушталууда. Ошон үчүн биз аны кайра карап, толуктап келиш үчүн артка кайтарууга арагасыз болдук. Себеби, бул биздин менталитетибиз. Кыргызда малды үйдө бата тилеп соёт, бул илгертен келаткан салт. Анын баарына тыюу салып салсак туура эмес да. Эл дагы оң кабыл албайт. Анан кечээ кесиптешим Балбак Зарлыкович айтпадыбы, малды 30-40 чакырым жерде жайгашкан касапканага алып келип союш үчүн машина жалдап, ага да акча төлөш керек. Андан базарга апкелиш үчүн дагы төлөйт. Натыйжада, фермерлердин чыгымы көбөйүп, эттин баасы кымбаттайт. 

-Бирок, мыйзамдын бир колдой турган жагы да болуп атпайбы. Себеби, азыр базарларда сапаты шектүү эттер пайда боло калууда. Анын кайсы жерде союлганы, арам же адал экени белгисиз. Эгер жанагы мыйзам кабыл алынса, балким, эттин сапатын көзөмөлдөгөнгө шарт түзүлөт беле?

-- Биз былтыр 16 органга көзөмөлдүк укугун берген мыйзамды колдоп бергенбиз. Бүгүнкү күндө фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл кызматы бар. Аларга толук укук бергенбиз, ал жерде бүт баары: кандай аракет кылары, канча айып пул салары жазылуу. Сиз айткандай, шектүү эт келип калса, текшерсин. Чет жактан келсе, биздин чек арачылар менен кошо ошондой кызматтар турат, эт кирип атканда текшерсе болот. Андан тышкары, быйыл үч жерде лабораторияларды ачып бердик: Токмокто, Бишкекте, Кара-Балтада. 

Албетте, мыйзамда керектүү жерлер да бар экен. Ветеринардык кызмат бузулуп калган этти жок кылышы керек. Бирок, жоголбой эле башка базарга барып калган учурлар да жок эмес. Ошондуктан, биз мыйзамды такыр эле жокко чыгарып салган жокпуз, болгону кайра иштеп чыккыла деп атабыз. Министрлер кабинети, жергиликтүү бийликтер, ишкерлер менен сүйлөшүп, бир жыйынтыкка келген соң, кайра алып чыкса жарашат.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер