Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундуз Жолдубаева: “Алмазбек Атамбаевдин саясаттагы миссиясы али бүтө элек”

Кундуз Жолдубаева: “Алмазбек Атамбаевдин саясаттагы миссиясы али бүтө элек”

03-апрель, 13:42
2 954 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чоң саясатта бийликтин айыбын ачып, адилеттүүлүк үчүн күрөшүү опурталдуу эмеспи. Өзгөчө аялзаты үчүн кыйын. Биздин каарманыбыз Кундуз айым Сооронбай Жээнбековдун кысымдарына чыдап, каршылык көрсөтүп, бекем эрктүүлүгүн ашкерелей алды. Сейрек кездешкен өзгөчө сапатын баалай билүү да маанилүү.

-- Кундуз, акыркы убактарда көп көрүнбөй кеттиң. Саясый активдүүлүгүң басаңдай түшкөндөй. Эмне менен алек болуп атасың?

-- Ар нерсенин өз убакыт-сааты болот эмеспи, ушул тапта мен энергия топтоп жатам (!) десем болот. Эки жылыбыз мурдагы режим менен күрөшүүгө кетти. Сооронбай Жээнбековдун саясатына каршы чыгып, куугунтукка кабылдык. Ошондо да унчукпай калган жокпуз. Коркподук. Баардык сыноолорго майтарылбастан, башыбызды бийик көтөрүп жеңип чыктык. Чыйралдым, такшалдым, инсан катары өстүм. Көп нерсеге көз карашым өзгөрдү. Азыр убактымды руханий жактан байытууга жумшоодомун. Мурда окуган чыгармаларды кайра карап чыктым. Кыскасы, өзүмдү алдыдагы чоң жетишкендиктерге даярдап жатам. 

-- Кой-Таш коогалаңы боюнча саясый куугунтукка кабылып, бир канча кылмыш иштери менен айыпталып аттың эле. Сот процесстери эмне болуп атат? Жаңы бийлик келгени бул жагынан адилеттүүлүккө үмүт барбы?

-- Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүнүн башталганына бир жылдын жүзү болду. Былтыр пандемия учурунда киргизилген өзгөчө кырдаалга карабай, жалгыз Кой-Ташка байланыштуу сот отурумдары болуп жатты. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тезирээк өкүм чыгарганга жандалбастады. Бирок белгилүү октябрь көтөрүлүшүнөн кийин төрагалык кылуучу судья алмашты. Жаңы судья үч ишти бириктирип кароо тууралуу чечимин чыгарды. Башка эки иште айыпталуучу катары Аскарбек Шадиев менен Албек Ибраимовдор өтүшүүдө. Алардын өлкөдө эместигине жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу соттук териштирүүнү кайра баштай албай убарабыз. Кубандырган жагдайы – жараяндын ачык болушу. Коомчулук, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Төрагалык кылуучу Азирет Медеров да дурус адам көрүнөт. Бирок, канчалык деңгээлде ачык териштүрүү болуп, акыйкат өкүм чыгат – бул суроо. Менимче, азыркы бийликке деле бул иш баш оору болгондой ойду жаратууда. Мыйзамдар одоно бузулуп, бир тараптуу териштирилип, саясый өңүттө токулган кылмыш иши негизинен кайрадан тергөөгө жөнөтөлүшү керек эле. Андай кадамга бийлик барган жок. Демек, Атамбаевди жана анын тарапташтарын кайырмакта кармап туруу аракети болуп жатат. Башкача кандай түшүнсө болот? Процесс жылбаса, же иш кайра артка тергөөгө кетпесе... Ошентип сүйрөлүп жүрөбүз. 

-- Садыр Жапаровдун бийликке келгенине аз убакыт болду. Ушул арада аша чаап сындагандар арбыды, айрым саясый күчтөр мерчемдүү убактысын күтүп жатышкандай... Негизи жаңы президент келгенде анын аракеттерине баа берүү үчүн күтүш керекпи, же ур-токмокко ала берсе болобуБул өңүттөн саясый маданият кандай деңгээлде өлчөнөт? 

-- Негизи, бизде башынан саясый маданият жокко эсе. Идеялардын күрөшү эмес, зөөкүрлөрдүн үстөмдүгү өкүм сүрүп келет. Бийлик кимдин колуна тийсе, каршылашын мындай эле кой, сын айткан адамды кысымга алып, куугунтуктап эле жатып калат. “Болоор бала бешиктен” дегендей, жетекчини биринчи кадамынан эле сыпаттап койсо болот. Ошого карабай, албетте, убакыт бериш керек. “Мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак болбойт” деген кеп бар эмеспи. Бирок өлкө башкарып жаткан адамдын сөзү менен иши дал келүүсү абзел. Президент жана анын командасы улам чалынган сайын, саясый каршылаштарына негиздүү чабуулга өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, элдин нааразычылыгы күчөйт. Чынында, бийликтин алмашуусуна аткарган иштери менен өздөрү шарт түзүп беришет тура. Мурунку президенттердин тагдырынан сабак алса...

-- Алмазбек Атамбаевдин акыбалынан кабардарсыңбы? Мындан аркы тагдырын элестетип көрсөк...

-- Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап кетти. Радикулит оорусу өрчүп, отургучта көп отура албайт. Ошол себептен соттук жараяндарга катышууга мүмкүн болбой келүүдө. Физикалык жактан экс-президентти алсыратып, жок кылууну көздөгөн оппоненттеринин тилектери таш кабат. Алмазбек Шаршеновичтин духу баягысындай эле күчтүү. Моралдык жактан сынмак тургай, кайрадан чыңалды (!) десек жарашат. Мен мурда айтып келгем, азыр да кайталайм – ал кишинин саясаттагы миссиясы али бүтө элек. 

-- Соңку убакта Фарид Ниязовдун ден соолугу начар экени айтылып, эркиндикке чыгаруу боюнча талкуу жаралууда. Негизи анын абакта кармалып жатышында кандай себептер бар?

-- Кечээ жакында эле омбудсмен башкы прокурорго кайрылуу жолдоп, Фарид Ниязовду коюлган диагнозго ылайык абактан бошотуу тууралуу билдирди. Кош стандарттуулук болуп жатпайбы? Миллиондорду жешкен, өлкөгө зыян алып келишкен коррупционерлерди коё беришип, анан Фарид Ниязов менен Алмазбек Атамбаевге келгенде эле башка стандарт иш жүзүндө калууда. Жалгыз Фарид Ниязов 2020-жылдын 9-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында болгон окуяларга катыштыгы бар катары саналып, камакта жатат. Ошол күнү аянтта башка да саясый күчтөрдүн лидерлери болушкан. Чагымды уюштурууга мурдагы бийликтин түздөн-түз тийиштиги бар экендигин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун өз оозунан уккан саясатчылар – Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабановдор коомчулукка билдиришти. Бирок, эмнегедир келип эле баягы Атамбаев жана анын тарапташтарына айыптарды арта салышты. Башкалары сүттөн ак болуп чыга качышты. Фарид Ниязов “саясатка аралашпайм” деп билдирүү тараткан. Ал адам бул режимге эч кандай коркунуч туудурбайт. Бийликтеги төбөлдөр жеке таарынычтардан өйдө турушуп, үй камагына чыгарышсын. Ошондо акыйкаттык тууралуу сүйлөшсө жарашат.

-- Сооронбай Жээнбеков үч жылдык мамлекетти башкаруусу төңкөрүш менен аяктады. Анын негизги катачылыктарына токтоло кетсең? 

-- Сооронбай Жээнбековдун эң башкы кемчилиги – саясый көрөгөчтүгүнүн жоктугу болду. Жеке амбициядан өйдө боло албай койду. Иштегендин ордуна бийликке келишине көмөк көрсөткөн жакын досу менен салгылашып туруп алды. Өзүнөн күчтүүлөрдү командасынан четтетип, иштеткендин ордуна душманга айландырды. Анан кланындагы адамдарга көз каранды болуп калды. “Бийликти сактап калам” деп шайлоонун таза эмес өтүшүнө өбөлгө түзүп берди. Бул көрүнүш Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан куулушуна алып келген чоң катасы болду. Акыр түбү ушуну көрмөк...

-- Соке экс-президент макамына татыктуубу? Келечекте кылмыш иштери козголушу мүмкүнбү?

-- Экс-президент макамы алынып салынышы керек. Анткени, анын жүргүзгөн саясатына нааразы болгон эл сүрүп түштү. Ошол октябрь окуяларында жапжаш Үмүтбек каза таап, ондогон жарандар жарадар болушту. Буга ким жооптуу? Эң биринчи кезекте, өлкөнү башкарып турган адам айыптуу да. Эл шайлаган президент элине каршы ок атты. Мунусу биринчи гана жолу эмес, экинчи жолу. Биринчиси Кой-Таш айылында болгон. Ал эми бийликтин шалаакылыгынан пандемия учурунда көптөгөн жарандарыбыз каза табышты, эл кырылып кала жаздады. Бул да Сооронбай Жээнбековдун алдыны көрө билбегени, кадрдык чабал саясатынын кесепети. Анан дагы түпкүрүнөн алып караганда, Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши легитимдүү болгонбу? Анын шайлоого сарпталган каражаттары (24 миллион доллар) боюнча маселе да ачык бойдон. Мындан сырткары, үч жыл ичинде көптөгөн ири коррупциялык иштердин башында турганы жалганбы? Бир күнү жооп берчү убакыт келерин өзү деле сезип жатса керек...


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер