Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар ЖУМАГУЛОВ: “Давай черноглазый, давай!” деп кыз-келиндер кыйкырып турушат”

Аскар ЖУМАГУЛОВ: “Давай черноглазый, давай!” деп кыз-келиндер кыйкырып турушат”

21-октябрь, 14:46
545 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экономика илиминин кандидаты, КР эмгек сиңирген экономисти, волейбол спортунун чебери, “Манас” орденинин жана “Даңк” медалынын ээси Аскар Жумагулов агабыз менен кыргыз волейболунун 90 жылдык урматына байланыштуу чакан маек курдук. 

-- Аскар ага, ноябрь айларында кыргыз волейболунун 90 жылдыгы белгиленгени турат. Волейбол оюнун ардагери катары айтсаңыз, бул оюнга кантип аралашып калгансыз?

-- 1959-жылы 18 жаш кезимде андагы Фрунзе шаарында мектепте окуп жүргөн кезде баштагам. Балдар спорттук мектебинде Владимир Дитрикс деген машыктыруучунун кол алдында болдук. Топ менен ойноо сырларын, анын керемет жактарын үйрөттү. №1 интернат-мектебинде такай машыгууларды үзгүлтүксүз жүргүзүп атты. Биз бала кезде көбүнчөсү орус улутундагы улуу муундун Степанов, Цитнитков, Коновалов, Полтарацкий, Ножницын, Шумилев, Ойрот Тургунбаев, Карлен Токомбаев, Муканбет Осмонов, Тобокел Мамыров, Сүйөркул Чокморовдор ойноп жүрүшчү экен. Анан биз дагы ошол адамдарга теңелели деп машыгат элек. Асаналы Курманбеков, мен, Копытин, Стас Дендеберов жаштар курамына ойноп калдык. Демек, волейбол ойногонума быйыл 60 жылдын жүзү болуптур. Азыр да Чүй ардагерлер командасында ойноп жүрөбүз. Бир жумада бир же эки жолу чогула калабыз. Баягы жаш кезектеги эликтей секирүү жоктур, “по стариковский” дегендей. А бул команданын түзүлгөнүнө эле 25 жыл болуп кетиптир, токтоткон жокпуз. 

-- Волейболду кайсы жерде ойночу элеңер?

-- Азыркы Акүйдүн ордунда шаардык стадион болор эле. Ишемби, жекшемби күндөрү шаардын жашоочулары бүт келип, баскетбол, волейбол, теннис, булуң-бурчта шахмат, бильярд ж.б. спорттун түрлөрүндө жүрүшчү. 

-- Волейболдон кыргыз улутундагы улуу мундан кимдер жакшы ойночу?

-- Асаналы Курманбеков мактоого татырлык жакшы ойночу. Көп жылдар бою команданын капитаны болуп жүрдү. Бул жигит биздин муундагылардан биринчи болуп курама команданын мүчөсүнө кошулду. Тобокел Мамыров да. 

-- “Боюң  кыска” деп жеригендер болдубу?

-- Эгер боюң кыска болуп, анан ойной албай турсаң, айтса керек эле. Ооба, меники анча узун болбогону менен жакшы секирчүмүн. Блок тосом, чабуулга чыгып, кээде менден узун оюнчулардын үстүнөн чаап коёр элем. Ыгы келип калганда чапкан тобум блокту жарып өтчү, чиркиндики десе! 

-- Кыргыз волейболунун пайдубалын ким түптөдү деп ойлойсуз?

-- Менимче, Владимир Дитрикс улуттук курамды машыктырып, оюнду жайылтты. Азыркыга чейин анын методикалары эскирбестен пайдаланылып жүрөт. Ушул кишинин кол алдында чет мамлекетке чыгып калдык. 

-- Ошонун бирөөсүн эстеңизчи?

-- 1968-жылы Камбоджанын курама командасы келди. Кичи аренада ойнодук. Кыргыз балдарынан мен, Артур Маматов, Эркин Исаков, Сүймөнкул Чокморов, Асаналы Курманбеков команданын капитаны болду. Орустардан Лежачев, Стас Дендеберов, Копытин, Петя Тонких, Саша Довженко деген балдар бар эле. Бир партиясын ойноп бүткөндө Сүймөнкул кийип жүргөн бут кийимин чече салып оюнга жылаңайлак кирди. Бизге дем берип, өзү да катуу ойноду. Азыркыга чейин көз алдымда турат. Бул оюнду утуп алдык. Эки ай өтпөй Камбоджага бардык. Анда Сүймөнкул барбай, Сүйөркул Чокморов барды. Эсеп 2:2 болуп, чечүүчү партияны ойноп атабыз. Катуу тиреш, кылчайнашып турган кез. Сүрдөдүк, толкундандык. Упайлар бирде биз жакка оосо, бирде камбоджалыктарга ооп, көкүрөгүбүз өрттөнүп атат. СССРди, анын ичинде Кыргызстанды уят кылбайлы деп атабыз да. Кудай жалгады. 15:13 эсебинде жеңишти колдон чыгарбай кармап калдык. Бир маалда Кыргызстандын гимни ойнолду. Ыйладык, уттуруп коюп эмес, утуп алдык деп шолоктоп, кубанычтын көз жашы төгүлдү. СССРдин Камбоджа өлкөсүндөгү элчиси Курочкин деген неме келип ар бирибиздин колду кысып атканда улутунуп ыйланабыз эсимде. 

-- Армияга баргансыз да?

-- Барганда да төрт жыл Балтика флотунда кызмат кылдым. Ошол төрт жыл бою Балтика флотунун курама командасында ойнодум.

-- Сизди “киргиз” дешчү беле, шустрый болсоңуз керек?

-- Мени “черноглазый” деп койчу. Сулууча келген жигит кезим. Матросторго келген кыздардын көбү мени бир көрүп жактырып калар эле. Бат эле таанышып, волейбол оюну башталгыча эсебин берип коюп жүрдүм (муну жазбай эле кой, уят). Анан алар оюн бүткүчө бизди сүрөп, “давай черноглазый, давай!” деп удаа-удаа кыйкырып турушат. 

-- Эми 90 жылдык тууралуу кеп кылалы...

-- Кыргыз волейболуна 90 жыл толуп атса, анын 60 жылы менин көз алдымда болуп турду. Көпчүлүк оюнчуларды, машыктыруучулардын аттарын жатка билем. Быйыл кайсы команда кайсы лигада ойнойт, кайсы оюнчу кайсы командада ойнойт – баарын билем. Акыркы 3-4 жылда кыргыз волейболу болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Чоң секирик жасашты. Быйыл Борбор Азиянын аймактык чемпиону болду. Оюнчулардын ойноо техникасы жана башка баардык жактары мыкты болуп турган кез. Бу жерде федерация президенти Элмурза Сатыбалдиевдин эмгеги зор, ат көтөргүс. Анын орун басары Жеңиш Кызалаков экөө чоң жумуш кылып атышат. Бу эки адам болбосо кыргыз волейболу мынча көтөрүлмөк эмес. Федерация жетекчилерин мактагым келет. Бул кашкайган чындык. Элмурза Сатыбалдиев менен Жеңиш Кызалаковго рахматымдан башка эч бир жаман сөз айта албайм, мактоого татырлык адамдар, ушул адамдар аман болсун!


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 
"Азия Ньюс" гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер