Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айданбек Акматов: “Чек ара кызматы УКМКга кошулганы гранттар азаят...”

Айданбек Акматов: “Чек ара кызматы УКМКга кошулганы гранттар азаят...”

20-ноябрь, 13:34
815 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамлекеттик чек ара кызматы улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына өткөрүлгөнү туура болдубу?

-- Бизге кошуна көпчүлүк мамлекеттерде чек ара кызматы УКМКнын астында. УКМКнын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү: тыңчылык, чалгындык жана башка маалыматтары бар. Мына ушул өңүттөн алганда, экөөнүн бириктирилиши логикага сыярлык. Бирок Кыргызстан жардамга муктаж өлкө. Экономикабыз жакшы өнүкпөгөндүктөн сырттан көп каражат сурайбыз, алабыз. Сырттан болсо атайын кызматтарга жардам бериле бербейт. Ошондуктан чек ара кызматы УКМКнын астына киргенден кийин сырттан жакшы жардам алалбай калышы мүмкүн. Кызматташуулары кыскарышы ыктымал.

-- Бул кызмат УКМКга кошулганы чек араны кайтарууну жакшыртып, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучун азайтып, чектеш мамлекеттерден келе турган товарларды, баңгизатты, куралдардын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөштү күчөтө алабы?

-- Контрабандага каршы күрөштү эки мекемени бириктирбей деле жүргүзсө болот. Ага саясый эрк жана жакшы ниет керек. Бирок, тилекке каршы, биздин мамлекет кайсы бир топтун коммерциялык мекемесине айланган акыбалда жашап жатабыз. Ал топтор алмашууда. Бирок мамлекет коммерциялык мекеме бойдон калууда. Мындай шартта контрабанда, баңгизат ташуу кыскарбайт.

-- Демек, гранттык жардамдын токтоп калышы мүмкүнбү?

-- Ооба, гранттык жана башка жардамдар кыскарышы толук мүмкүн. Бирок бийликтеги бир нече адамдын кызыкчылыгы жогору болуп кетти. Алар өлкөдө кыбыр эткендин баарын көзөмөлгө, монополияга алууга киришип алышты. Мунун аягы жакшы болбошу ыктымал.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер