Үч жылдан бери жашыруун түрдө кыздык белги тигип келем...
(Эссе ордуна)
Кесиптеш эже он жылдан ашык убакыттан бери бул ишти аркалап келет. Кийин гана кардарлары көбөйүп, жетишпей калганда мени жардамга чакырды. Хирург-гинеколог болгондон кийин мындай ишти жасоону оңой эле алып кеттим. Болгону айрым кыздар тартынышат...
Кандай кыздар тиктиришет билесиңерби? Жаңы жигит менен таанышкандар, же күйөөгө тийүүнү план кылгандар. Ооба, азыркы учурда кыздык белгиге маани бербеген жигиттер да бар. Бирок андайлар аз. Эркек адамдын жубайы кыз болбой калса, кол шилтеп, кечиримдүү болгону менен баары бир жүрөгүндө түпөйүлдүк кала берет. Психологиялык кысылууга кабылышканын байкайм. Акыры чыр-чатакташканда, же ичкилик ичкен убагында айтылат. “Сен кыз эмес болчусуң. Жалапсың! Шлюха болуп жүргөнсүң...” деген сөздөрдү кайда жашырабыз?..
Кыздыгын тиктиргени келгендерге көбүнчө улуулар кеңеш беришет экен. Анан жигитинин, болочок күйөөсүнүн ишенимине кирүүгө ынтызар болгондор. Негизинен амалдуу “ургаачылар” да...
Кыздык белгини жамаганда катуу деле оорутпайт. Баардык жагынан кепилдик болот. Тиктирип алып айлап кошулбай жүрө берүүнүн кандай мааниси бар? Он күндөн кийин өнөктөшүнө “тештирип”, кубаныч тартуулай берсин...
Алманбет
Aryba.kg