Улуу “Манас” эпосунун улуттук жана жалпы адамзаттык мааниси

1. Дүйнөлүк эпостордун “Хан-Теңир тоосу” же “Манас” – кыргыздын кылымдарды карыткан тарыхынын эпикалык “агропанорамасы”
“Манас” – жер жүзүнүн эң зор дастаны, дүйнөлүк эпостордун “Хан-Теңир тоосу” жана эң бийик “Эверести”. “Манас” кыргыз элинин кылымдарды, доорлорду карыткан, “Тоо бузулуп сай болгон, сай козголуп тоо болгон, аты калып өзү жок, ар канча деңиз жоголгон” узак тарыхынын өзүнчө бир поэтикалык улуу “аэропанорамасы” сыяктуу. Калктын алмустактан берки өмүр баянын ыр менен баян эткен кучак жеткис эпопея, ичине ааламды батырган поэзия храмы. Бул улуу көркөм казына бүтүндөй Азиянын географиясын, көз жеткис мейкиндерин, андагы түркүн этносторду, калайык-калктарды кучагына алуу менен бирге кыргыз элинин турмуш-тиричилигин, аң-сезимин, тилин, дилин, жандүйнөсүн, эркиндик, көз карандысыздык үчүн жүргүзгөн каармандык, баатырдык күрөшүн, элдин жеңиштери менен трагедиясын, жакшылык күн, жаркын келечек үчүн каруусун казык, башын токмок кылган аракет-мээнетин өз ичине камтып турат. Бекеринен Чокан Валиханов эпосту кыргыз турмушунун “энциклопедиясы” деп атаган эмес. Бул элдик поэтикалык энциклопедия кыргыздын керемет кол өнөрчүлүгүн, көркөм искусствосун, коомдук түзүлүшүн, экономикалык чарбачылыгын, согуштук-аскердик өнөрүн, спорт оюндарын, башка калктар менен болгон дипломатиялык байланыштарын, эл аралык достук мамилелерин, демократиялык жөрөлгөлөрүн, заң-эрежелерин, этикасы менен эстетикасын, каада-салттарын, диндик ишенимдерин, мифологиясын, философиясын, астрономиясы менен медицинасын, педагогикасын, илим-билим түшүнүктөрүн, Ала-Тоонун жаратылышын, анын флорасы менен фаунасын, улуттун патриоттук идеологиясын, бир сөз менен айтканда, ак калпак калктын бүтүндөй этнологиялык маданиятын кучагына алып турган өзүнчө бир кайталангыс укмуштуу маданий кубулуш.
Дүйнөдө теңдеши жок ыр океаны – “Манас” байыркы ак калпакчан, калктын ташкындаган таланттын ээси экенин, Ала-Тоо журтубуз поэзиянын мекени, оозунан ыр кумдай куюлуп, таруудай чубурган манасчылардай ыр алптарынын түнөгү экендигин кашкайта тастыктап турат.
2. “Манастын” жалпы адамзаттык, идеялык жана адеп-ахлак дөөлөттөрү
“Манас” эпосубуз дүйнөлүк аренада көлөм жагынан гана бөтөнчөлөнбөстөн, ошону менен бирге өзүнүн түбү терең дайрадай орошон мазмуну, обологон бийик ойлору, орчундуу идеялары, омоктуу философиялык нускалары, жалпы адамзаттык деңгээлдеги рухий-ыймандык дөөлөттөрү, гуманисттик кенчтери менен да өзгөчөлөнөт. Дастандын жалпы адамзаттык мүнөздөгү идеялык кенчтеринин айрым бир аспектилерине токтоло өтүүнү кааласак, анда төмөнкүлөрдү белгилешибиз керек.
Элибизде тээ байыртадан бери «тиричиликтин күчү – бирдикте», «тирилик түбү – бирдик», «бирдик болбой тирдик болбойт» деген өңдүү акылман философиянын жашап келе жаткандыгы бекеринен эмес. “Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат” деген ой да ушул даанышмандыктын уландысы. «Манас» эпосунун түндүгүн көтөрүп турган үлкөн идеялардын бири достук, биримдик идеясы дал ушундай концептуалдык дүйнөтаанымдан агып чыгат. Манас баатырдын кыргызды гана эмес, түркүн уруулардын жана этносторду бириктирген “кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган” ишмердиги дал ушундай философияга негизделет. Манас дүйнөдөгү эң айкөл интернационалист каарман. Дегеле, «Манаста» адам тегине, улутуна, расасына карап эч качан бааланбайт. Манастын жандай көргөн кырк чоросунун ичинде ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү: казак да, кыпчак да, монгол да, калмак да, кытай да бар. Эпостогу эр-азаматтардын достугу жана биримдиги биринчи иретте чындык, калыстык, адилеттүүлүк, адамгерчилик, эл алдындагы ак кызмат, адал мээнет деген сыяктуу жалпы адамзаттык универсалдык улуу адеп-ахлак дөөлөттөрүнө негизденип турат. «Манастагы» Алмамбет менен Манастын достугу жөнүндө да дал ушуну айтууга болот. Маселен, Алмамбет баатыр Кытай мамлекетинин атуулу, ал чыгыштагы феодалдык деспотиянын шарттарында чындыкты, акыйкатты, адилеттүүлүктү издөөнүн ачуу драмасын жана трагедиясын баштан кечирген каарман. «Кайыңды көрсөм конормун, кайышпай кайың көтөрсө, как ошо жерде болормун» дейт Алмамбет. Чындык, адилеттүүлүк кай жерде болсо, ал ошол жерде. «Башымды жөлөр паана жок, баркымды билер даана жок» деп арман кылган Алмамбет акыры издеген идеалын Манастын айкөл дүйнөсүнөн табат. Өз кезегинде «издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди»- деп ичинен тымызын Аккан досту көксөп жүргөн Манас Алмамбеттен өзүнүн руханий эгизин көрүп, «алыскы ишти ойлогон, акылмандын бири экендигин» таанып, кучагын жайып кабыл алып, «кызыл найза желегим, Кытайдан келген белегим» деп аны менен ажырагыс дос болот.
Манас менен Алмамбет көртириликтин майда-баратынан, этникалык, улуттук тосмолордон өйдө көтөрүлүп, акыл-ой маданиятынын өтө бийик чокуларына көкөлөп чыккан каармандар. Ошол рух чокусунан бири-бири менен жуурулушкан даанышман баатырлар. Манас менен Алмамбеттин достугу дүйнө элдеринин өз ара диалогу, чындыкка, акыйкатка, алысты ойлогон акылман калыстыкка негизделген калктардын эл аралык ынтымагы жана достугу, биримдиги үчүн өзүнчө бир символ. Бир сөз менен айтканда, залкар «Манас» эпопеясынын дүйнөлүк мааниси, анын эч качан өлбөстүгү, улуулугу байланыштыруунун, достоштуруунун философиясын тереңден насыяттап тургандыгында. Ушул жерден «Манастагы» «Көкөтөйдүн ашынын» эл аралык философиясы жөнүндө да айтпай кетүүгө болбойт.
3. “Көкөтөйдүн ашынын” глобалдык философиясы
«Көкөтөйдүн ашы» жер үстүндөгү калктардын эл аралык форумуна окшойт. Айтылуу бул ашка Бүткүл Орто Азиянын, Сибирь, Алтай аймагынын түркүн калктары гана эмес, алыскы Орхондон, Монголиядан, Жапандын Сыймун аралынан, Кангайдан, Кытайдан, бери жагы Чыгыш Түркистандан, тиги жагы Индостандан, Оогандан, ары жагы Крым менен Урумдан эл чакырылат. Ашка «ар жумушка дилгирген, алтымыш түрдүү тил билген», жайма көкүл жаш Айдар «булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн» куштай учкан Мааникер күлүктү минип, чабармандык кылат. Каркырага «кара курттай кайнаган, кумурскадай жайнаган» түмөндөгөн түркүн калк чогулат.
«Көкөтөйдүн ашында» жамбы атуу, ат чабыш, балбан күрөш, эр сайыш сыяктуу спорт оюндары ойнолот. Жамбы атууга жыйырмага жакын калктын көзгө атар мергендери катышат. Ат чабышта түркүн журттардын эки миң күлүгү жарышка салынат. Кыскасын айтканда, «Манастагы» «Көкөтөйдүн ашы» бүгүнкү замандагы дүйнөлүк олимпиаданы элестетип кетет, тагыраак айтканда, азыркы спорт оюндарынын эл аралык олимпиадасынын алгачкы прообразы өңдүү. Дүйнөлүк олимпиаданын тунгуч өрнөгү эзелки кыргыз эпосунда берилген десек жаңылышпас элек.
Бирок, «Көкөтөйдүн ашынын» маани-маңызы жалгыз гана ушунда эмес. Иштин тереңдеги мааниси, тынымсыз кагылыш-кармаштар, кандуу уруштар өкүм сүргөн жоокердик доордо өз жерине түркүн тилдерде сүйлөгөн алыскы-жакынкы калайык-калктарды чогултуп, атүгүл жоолашып турган душманын да (калмак-кытай) мейманга чакырып, ак дасторкондун үстүндө мамилелешүүгө, баарлашууга реалдуу түрдө кадам таштаган, түпкүлүгүндө журттар ынтымагын көздөгөн ак калпак кыргыз элинин айкөл пейилинде жана гуманисттик умтулушунда жатат. Дагы айталы, азыркы эл аралык тынчтык жыйындарынын жана ассамблеялардын башаты илгери эле кыргыз жергесинде түптөлгөн экен. «Көкөтөйдүн ашын» уюштурган кеңешчилердин акылман тобу «Ала-Тоодой эт болгон, Ала-Көлдөй чык болгон» бул аш «акыр заман журтуна» чейин адамзат балдарына санат-нуска болуп калсын деген улуу мүдөөнү көздөшкөн. Чындыгында эле «Манас» дастаны «Көкөтөйдүн ашы» аркылуу (анын айрым койнунда котур ташы бар меймандардын айынан чыр менен аяктаганына карабастан) жер үстүндөгү элдердин биригүүсүн, тынччылыктын кырдаалында алака-мамилеге өтүү глобалдык идеясын тереңден каңкуулап тургандыгы менен жалпы адамзат балдары үчүн табылгыс сабак жана баалуу нуска.
Кыргыздын эпопеясынын достук алака-катыш, бириктештик философиясы бүгүнкү күндө ак калпак журттун адамзаттын жалпы көчүнүн тутумундагы стабилдүү бакубат жашоо-тирлигине бекем тирек болуп бере тургандыгын терең аңдап билүү биз үчүн парз. Дегеле кыргыз элинин эпосто гана эмес, реалдуу тарыхтын өзүндө да эл аралык байланыштарды стратегиялык орчун маселе катары эсептеп, төтөн Түштүк Сибирь, Саян-Алтай, Орто Азия, Борбор Азия, Волга-Урал, Крым, Кавказ, Памир, Тибет, Чыгыш Түркстан, Араб, Иран элдери менен саясый жана этномаданий алака-катышта жашагандыгы чындык. Байыркы Энесайдагы кыргыз журтунун чет өлкөлөрдөгү элчиси Эрен Улугка арналган таш эстелик Сибирдин Алтын-Көл аттуу аймагына биздин эранын VIII кылымында тургузулган. «Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз», «Айрылган эл – азаар, кошулган эл – озоор», «Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт» аттуу макалдар кыргыздардын эл аралык алака-катыш практикасынан жаралып жарыкка келген го.
4. Көп тилдүүлүктүн дүйнөлүк идеясы
Ошондой эле эпосубуз ашта ар түркүн элдин тилинде жар чакырган жаш Айдардын жана «жетимиш түрлүү эл көргөн, жетимиш түрлүү тил билген» Ажыбайдын образдары аркылуу калк аралык карым-катнаштар үчүн көп тилдүүлүктүн зарылдыгы жөнүндөгү философияны астыртан нускалап, өзүнүн байыркылыгына карабай, бүгүнкү дүйнөлүк интеграциялык процесстердин шарттарындагы тилдик муктаждыктардын актуалдуу идеялары менен үн алышып тургандыгы менен да кымбат деп ойлойбуз.
5. БУУнун Генералдык ассамблеясынын “Манаска” берген баасы
Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы 1994-жылы 5-октябрда “Манас” эпосунун Орто Азия чөлкөмүндөгү элдерди эзелки тарыхтан бери эле бириктирүүнүн жана байланыштыруунун турмуштук негизги түйүнү экендигин, эпос адамзаттын көптөгөн идеялары менен баалуулуктарын таркатууга шарт түзөрүн, жалпы адамзаттык мурасты байытууга, эл аралык кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоого кошо турган салымын эске алуу менен 1995-жылды кыргыздын улуттук “Манас” эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялайт” деп токтом чыгаргандыгын эске түшүрөлү. БУУнун токтомунда “Манастын” мазмундук тереңдиги жана анын нарк-дөөлөттөрүнүн жалпы адамзаттык мааниси мына ушундайча баса белгиленген.
6. Улуу эпостун улуттук мааниси же кыргыздын адеп-ахлак энцклопедиясы
Эгерде эпостун улуттук маанисине келсек, эл турмушунун энциклопедиясы «Манаста» “эмне ыйык? Эмне улук? Эң бийик асыл дөөлөт эмне?” деген суроо туулат. «Манастын» эң ыйык идея, дөөлөтү – Ата Журттун азаттыгы, эркиндиги, көз карандысыздыгы философиясы («Алты сан аман турганда, ыйык кыргыз жеримди, душмандын буту баскыча, асыл кыргыз элимди, тебелетип бөтөнгө, кор кылып карап жаткыча, туулбай туна чөгөйүн, тирүү жүрбөй өлөйүн!» – Манас баатырдын антынан). «Манаста» дагы эмне ыйык? Улут биримдиги, калайык журттун бекем баш кошкондугу, бөлүнбөстүгү – ыйык дөөлөт («Кулалы жыйып куш кылдым, курама жыйып журт кылдым» – Манас, «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп бөлөк элге кеп кетет» – Бакай, «Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу» – Акбалта). «Манаста» эмне улук? Ата Журт үчүн, эл үчүн кара жанын карч урган, каруусун казык, башын токмок кылган мекенчилдик, керек болсо кайран жанды курман чалуу идеясы улук («Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин» – Манас). Мекендин, бир боор журттун көйгөйүн ойлоп толгонгон, ата конуштун тагдыры деп асанкайгыланган атуулдук күжүрмөн рух, жалындаган жарандык жигер-демилге улук («Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы, журт айласын кылалы» – Кошой). Элдин ар-намысын ойлогон, өзүнүн беделин жерге түшүрбөгөн жигиттин, уулдун, эрдин намыскөйлүгү улук («Жоого намыс бергиче, ажалым жетсе өлөйүн» – Манас, «Калкы тыргоот, манжууга кантип сурак беребиз, кол куушуруп, баш ийбей, койгулашып өлөбүз» – Акбалта. Элдин намысы деп сексендеги Кошойдун Жолой менен күрөшкө чыгышын эске түшүрөлү). «Манаста» мекендин чегин күн-түн күзөтүү, эл-жерин сак-сактап кайтаруу, мамлекеттүүлүктү коргоо жана чыңдоо идеясы ыйык («Артыкча башым барында, айлымды кантип берейин» – Акбалта. «Кыргыздын жерин жердөөнү, Алооке сага ким койду, атамдын жерин жердөөнү, ант ургур сага ким койду?» – Манас. «Элиңди түгөл башкарып, өз алдыңча болгондо, кыр-кырда кыргыз элиңе, кызыккан жандар дагы бар, кысталактын баары бар, ошого моюн бербеске, ок өтпөгөн тон камда, ок жетпеген ат камда» – Кошойдун Манаска кеңеши). «Манаста» бакубат жашоо үчүн күн тынымын билбеген, түн уйкусун көрбөгөн, ак эмгек, адал мээнет ыйык («Эмгек кыл, балдар, эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат, алтындын кенин казалы, кетмендеп жерди оёлу» – Акбалта. Бала Манастын койчу Ошпурдун колунда тарбияланышын эске салалы). Жетимиш түрлүү тил билүү өнөрү – дөөлөт (Жетимиш түрлүү эл көргөн, жетимиш түрлүү тил билген Ажыбайдын өнөрү). Ала-Тоого болгон ашып-ташкан сүйүү – кымбат кенч («Жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы, береке экен, бел экен, пенде көрчү жер экен, жердеген адам бай болор, түгөнбөс ырыс кен экен» – Манас). Кылымдарды аралап, илгертен келаткан ата-баба салты ыйык («Көкөтөйдүн ашы” жана андагы элдик каада-салттар жана спорттук оюндар). Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан көрөгөчтүк, акылмандык улук (Бакай). Коллективисттик адеп-ахлак, жандүйнөнүн рухий сулуулугу жана марттыгы, меймандостук, чынчылдык, мекенчилдик ж.б.у.с. адамдык асылзат нарк-насил улук (Каныкей, Чыйырды, Айчүрөк, Алманбет, Чубак, Сыргак, Бакай, Кошой, Манас).
7. Ак калпак калкты сактаган Манас руху
Ички өзөгүн тепчип өткөн, ичтен чыңап, чыйралтып турган дал ушул жогорудагыдай ыйык идея-абсолюттары, руханий тиректери бар болгондугу үчүн кыргыз калкы эзелтен бери карай эл болуп жашап, тарыхтын кыйын-кезең бороон-чапкындарына алдырбай сакталып, бүгүнкү күнгө аман-эсен жетип, эгемендүүлүккө ээ болуп отурат. Ушул нарк-дөөлөттөрдүн бардыгын чогултуп туруп, биз “Манас руху” дейбиз. Кылымдарды аралап “белес-белден бороондоп, беш удургуп” өтүп, Манас руху улутту аман-эсен сактаган.
8. “Манас” улуттук да, универсалдык да мааниге ээ
“Манастын” көз алдыдан тизмектелип өткөн жогорудагы улуттук маанидеги идея-дөөлөттөрү, кенен караганда, улуттук да, ошону менен бирге жалпы адамзаттык да мааниге эгедер десек болот. Манас руху жер үстүндөгү ар бир калктын казынасындагы ардакталган нарк – кенчтерге окшош. Ошон үчүн ал башкаларга чоочун эмес. Ушул мааниде алганда, Чыңгыз Айтматовдун төмөнкү оюн эске түшүрүү орундуу: “Эпостун эң негизги идеясы, анын бүткүл “кан тамырын” аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып-сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып-чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан-аяк улап, өрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. “Манас” эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алышы да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу”. (Ч.Айтматов. “Манас – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”).
Мына ушинтип, улуу «Манас» эпосу улутубуздун руханий-маданий турмушу үчүн зор мааниге ээ жана ошондой эле жалпы дүйнөлүк казына үчүн баа жеткис кенч.
9. “Манас” – этикалык бийик идеалдардын жана философиялык жалпылоолордун эпосу
(корутунду ордуна)
«Манас» – кыргыздардын руху жана өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү, кыргыз маданиятынын архетиби, спецификалык тили, байыркы кыргыздардын дүйнө модели. «Манас» – кыргыздын өмүр, өлүм, эл, Атамекен жөнүндөгү философиясынын, этикалык бийик идеалдарынын, адеп-ахлактык чен-өлчөмдөрүнүн, руханий асыл нарктарынын алтын казынасы. «Манас» – кыргыздын нечендеген муундарынын даанышман акыл-эсинин каймагы. Улут турмушунун энциклопедиясы. Элдик педагогиканын чордону. Оозеки көркөм чыгармачылыктын туу чокусу. Дүйнөлүк классика. Теңдешсиз ыр океаны. Ал өз ичине көптөгөн доорлордун катмарланган издерин камтыган, сюжетинде кереметтүү фантастикалык элементтер менен реалдуу турмуштук сүрөттөөлөрдүн синтезин алып жүргөн, кыргыз элинин баштан кечирген тарыхынын негизинде жаралган, философиялык бийик жалпылоолордун эпосу. Ак калпак кыргыздын поэтикалык өмүр баяны.