Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакында өлкөбүзгө карантин киригизилеби?

Жакында өлкөбүзгө карантин киригизилеби?

12-июль, 12:10
1 298 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгерде Кыргызстанда карантин киргизилсе, анда экономикада чоң кризис болот. Мамлекет эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды бере албай калат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Биз карантин киргизе албайбыз. Тескерисинче, Ысык-Көлдө туристтик сезонду ачтык. Медиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Өзүңөр көргөндөй, Ысык-Көлдө ооругандар көп эмес, ал жакта кошумча койка-орундар даярдалган» деди министр.

Ал санитардык эрежелерди сактоого: беткап тагынып, колду жууп, антисептик колдонуп жана социалдык аралыкты сактоого чакырды.

«Өткөн жылы карантин болгон, эки айда экономика абдан жабыркады, элге кыйын болду. Ал абалдан биз насыя, донорлордон акча алып чыгып кеттик» деди Бейшеналиев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер