“Медет Букуев ишенимге бекем, намыскөй атуул экенин ырастады”

-- Президенттин кеңешчиси Медет Букуевдин ишмердиги, адамдык сапаты боюнча кандай ойдосуз?
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты:
-- Абдан адамгерчиликтүү, кичипейил адам. Кыргыздын ата-бабадан келаткан нарк-насилин сактаган, калыстыгы как жарган накта аксакалдык кыла турган инсан. Тийешелүү тармагын жакшы түшүнгөн, иштин көзүн билген мыкты адис. Өзүн пиардан алыс кармайт. Бирок, “кыбыраган кыр ашат” дегендей, бир калыптагы мүнөзүнөн жазбай, иштин майын чыгарып, алдыга койгон милдетин так аткарып, анысын эч кимге жар салбайт. Ырааттуулугу бар. Чарчап-чаалыкканды билбейт. Мындай жөнөкөй, терең адамдан үлгү гана алуу керек.
Абдиламит Матисаков, Эл жазуучусу:
-- Кайсы жыл экени эсимде жок, Медет Букуев менен университеттин босогосунда бет маңдай чыгып, учурашып калдык. Дароо эле маектеше кеттик. “Сиз жазган Сүймөнкул Чокморов жөнүндөгү чыгармаңызды окудум. Сүкөмдүн спорт жагындагы жараткан ийгиликтерин да жазсаңыз болмок” деп кептин кызуусу менен о кыйлага чейин сүйлөшүп, анын Сүймөнкул абанын жанында жүргөнүн, жердеши катары жакшы билерин угуп, ичимден ызааттап калгам. Такай учурашып жүрдүк. Медет ошондо студенттерге дене тарбиядан сабак берчү. Кийин эле көрүнбөй калды. Көрсө, Медет Букуевдин Садыр Жапаров менен мамилеси жакшы экенин, анын түрмөдө жатканда, кыйын-кысталышта да кол үзбөй катташканын, кыйбастыгын билип алышып, ошол кездеги бийлик аны басмырлап, ишинен четтеткенге чейин барышканын угуп калдык. Ошондой тагдырдын татаал жолунда күйүп-бышкан сырттандыгы, ишенимге бекем, намыскөй атуул экендигин ырастады. Басып өткөн жолу чыны менен жарык чачат. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дейт эмеспи. Ал азыр президенттин татыктуу кеңешчиси.
Аширбек Бакаев, генерал-майор:
-- Ал кишини жакында бир иш-чарада жолуктуруп, бир аз баарлашып, эл алдында маанилүү, баптап сүйлөгөнүн угуп, ичимен ыраазы болуп калдым. “Президенттин кеңешчиси” деген даражага татыктуу экени көрүндү. Кишиге көңүл буруп, уга билгени да ич жылытты. Аягында “эми даражаңызга жараша бата кылып коёсузбу?” деген сунушума, тартынбай эле куранды кырааты менен окуп, бата берди. Ага абдан баа берип, кубанып калгам... Мындан башка учурларда жакындан жакшы биле бербейт экенмин, бирок кандай адам болбосун бир көргөндө эле өзүнүн ким экенин көргөзүп коёрун баарыбыз билебиз да.
Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:
-- Чынында Медет Букуевди жакындан тааныбайм. Карым-катнаш деле жакын болгон жок, сыртыбыздан эле бири-бирибизди тааныбасак. Аны тааныгандар сөзгө турган, эркекче жүргөн, жоопкерчиликти ала билген адам катары сыпатташат экен. “Жакшынын атын алыстан ук” деген ушул да...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити