Тимур Арыков: “Шайлоо мыйзамдарын бузгандарга укук коргоо органдары чара көрүшү зарыл”
-- 11-апрелде өтө турган референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жалпы даярдыгына кандай баа бересиздер?
-- Биздин байкообуз боюнча, болуп келе жаткан бир нече шайлоо компанияларынын алкагында БШК, АШК, УШК тарабынан аткарылган уюштуруу иш-чаралары, техникалык камсыздоо жетишерлик жогорку деңгээлде өткөрүлүп келүүдө. 11-апрелде боло турган шайлоого даярдыктар дагы жакшы. 2015-жылдан бери колдонулуп келе жаткан автоматтык эсептөө урналары, идентификация процедураларынан өткөрүүлөр добуш берүү процессине толук ишенүүгө мүмкүнчүлүк берет.
-- Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуулар катталып атпайбы. Ага көрүлүп жаткан чаралар жетиштүү эле дейсизби?
-- Чынында эле шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча арыз-даттануулар түшүп жатат. Мындай даттанууларга тийешелүү чаралар көрүлүүдө. Мындан сырткары, шайлоо мыйзамдарын бузгандар катталса жана такталса, анда алар укук коргоо органдары тарабынан жоопкерчиликке тартылышы керек. 4-октябрда өткөн шайлоодо ар кандай мыйзам бузуулар катталып жатты. Бирок, ага укук коргоо органдары тарабынан реакция болгон жок. Ошентип, көпчүлүк БШКга нааразычылык билдиришти. Бирок, добуш сатып алуу өңдүү шайлоо мыйзамдары бузулса, аны укук коргоо органдары териштирип, иликтөөгө милдеттүү.
-- Таза шайлоого толугу менен жетиш үчүн эмне кылуу керек?
-- Биздеги шайлоо техникаларына толугу менен ишенсе болот. Аны кандайдыр бир жол менен бурмалоо мүмкүн эмес. Ошондуктан, биздин жарандар шайлоого толук кандуу катышып, кайдыгер карабай, туура тандоого аракеттениш керек.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити