Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Агрардык саясатыбыз толугу менен “аут” кетти...

Агрардык саясатыбыз толугу менен “аут” кетти...

03-март, 17:00
818 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Айыл чарба азыктарын өндүрүүдө эң жогорку ийгилик дүйнө өлкөлөрүндө мамлекеттик жана ири кооперативдик чарбаларга тийиштүү. Ири өндүрүштүк форманын артыкчылыгын Совет мезгилинде жарым жартылай көз карандылык доорундагы чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиевдин жетишкендиктери буга далил боло алат. 

Батыштын “илеби” менен республикадагы 1 миллион 268 миң гектар айдоо жердин, 992 600 гектарын 450 миң дыйкан чарбаларына орточо 2,2 гектардан майдалап тараттык. Дароо эле агроөнөржай комплексинде өнүккөн илимий жана прогрессивдүү технологияны өндүрүшкө колдонуу зарылчылыгы жокко чыкты. Майда аянттарды иштетүүгө дыйкандар ат, эшекке, кол күчүнө таянып калышты. Көп жерлерде мурдакы көз кайкыган кутман талаалар 10-50-100 сотыхтан темир тор, тикенек зым менен тосулуп, Жер эненин касиети заматта бөксөрө түштү.

Дүйнөлүк статистикага таянсак, орточо бир фермер айыл чарба продукциялары менен 1949-жылы 19 адамды камсыздаган, бул көрсөткүч 1970-жылы 73, ал эми 2010-жылы 155 адамга көтөрүлгөн. Кесипкөйлөрдүн эсеп-кысабы боюнча, 2030-жылдарда бир фермер 300 адамды тамак-аш менен толук жеткиликтүү камсыздайт. Биздеги талкаланган реформадан кийин майда аянттарды жетишкен агротехникалык эрежелерди толук колдонуу мүмкүн болбой, жыл сайын жерибиздин асылдуулугу жана андан алынуучу түшүм кескин төмөндөп, эгемендиктин алгачкы заманынан тарта, айыл чарбасында иштеген дыйкандарыбыз жалгыз өзүн-өзү тойгуза албаган пастыкка түштүк. 

“Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр” дегендей, эгемендиктин алгачкы заманынан тарта кымбат баадагы кен байлыктарын, тоо-кен өндүрүшүн, жер-суусун, агроөнөржайын, илим агартуусун, бүтүндөй өнүккөн экономикасын талкалаган мамлекеттен жер фондусунда 276 600 гектар айдоо жери бар деген ишенимсиз аянттарыбыз статистикада катталууда. Мурунку министр А.Жаныбеков Совет мезгилиндеги жетишкенибизди даңазалай келип, бүгүнкү тапта жогорку сорттуу үрөн менен камсыздоо 10-15%, өсүмдүк майы 20%, кант 50%, жумуртка 54%, эт 61% пайызка жетпейт (“Айыл деми” гезити, февраль 2022-ж.). Калган адамзатка керектүү көптөгөн айыл чарба азыктарын куржунубуз мойнубуздан түшпөй Россия, Кытай, Казакстан жана башка чет өлкөлөрдөн 1,5-2 миллиард сомго тамак-аш сатып алууга көнүктүк. Тамак-аштын баасынын кескин кымбаттаганын басаңдатуу максатында мамлекет башчыбыз өткөн жылы чет элден буудай сатып алууга 1,5 миллиард, өсүмдүк майын жана кумшекер сатып келүүгө 300 миллион сом бөлүп бергени республикабыздын айыл чарбасындагы зор потенциалдык мүмкүнчүлүгүн ажырата билгендерди кайдыгер калтырган жок. Кийинки жылга дагы тамак-ашка 1 миллиард сом бөлүнгөнү жүрөк оорутат. 

Убагында Кыргызстан айыл чарбасы боюнча: эт, сүт, балык, жүн, кант, пахта, тамеки, эгин, жүгөрү, күрүч, жашылча-жемиш, беде, кызылчанын үрөнүн өстүрүүнүн мекени болуп, Евразия мамлекеттеринин алдыңкысы саналган. 1981-1985-жылдары республиканын колхоз-совхоздору 1 миллион 226 миң тонна эгин, 490 миң тонна картошка, 1 миллион 491 миң тонна жашылчалар, 237 миң тонна бакча, 419 миң тонна алма жана жемиштер, 1 миллион 116 миң тонна эт, 2 миллион 280 миң тонна сүт, 1 миллиард 470 миллион жумуртка өндүргөн. Кыргызстан жыл сайын башка региондорго 25 миң тонна эт, 100 миң тонна жашылча, 25 миң тонна бакча, ошончо көлөмдөгү мөмө-жемиш жана башка продукцияларын сатып турган. 1981-1985-жылдары башка экономикалык региондорго 446 миң тонна пахта, 299 миң тонна ферментацияланган тамеки жалбырагы, 45,9 миң тонна кант кызылчанын үрөнү, 20 миң тонна беденин, 9 миң тонна гибриддик жогорку сорттогу, атактуу “Кыргыз селекциясынын” жүгөрү үрөнүн жана эфир майларын саткан. 

Фондуда калган 276 600 гектар айдоо жерди трансформацияга адаттагыдай талап-тоноого кетирбей, алардын бар экендигин тактап, жалпы айыл чарбасына жарактуу жерлердин бардыгын мамлекеттик менчикте калтыруудан башка жолубуз жок. “Келечекте ката кетирбеш үчүн өткөндү билиш керек” дегендей, отуз сегиз жыл мурда Кыргызстандын экономикалык финансылык чамасы союз тарардагы он беш республикалардын ичинен ар тараптан өнүккөн алдыңкы бешөөнүн бири болгон.

Бир эле мисал, 1985-жылы киши башына таза киреше бизде 3280, макталган Казак ССРинде 1700 доллардан айланган. Бул көрсөткүч 2022-жылы ИДП өндүрүүбүз 1200 долларга араң жетти. 1980-жылдарда өнөр жайда акчанын кайтарымдуулугу бизде 1,42, союзда 1,14 рублге барабар болгон. Азыркы тапта бизден башка Совет мезгилиндеги республикалардын бардыгы тең 1985-1990-жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрүнөн эчак эле ашып кетишти. Биз канчалаган жылдарда барып, СССР кулардагы экономикалык деңгээлге жетерибизди эсептеген пенде аткаруу бийлигине келе элек.

Калкыбыздын 60%ы айыл жерин жердесе, эгемендиктин алгачкы күнүнөн тарта айыл өкмөттөрүбүздүн 85%ы өзүн-өзү каржылай албай дотацияда жашаганы кечирилгис күнөө. 

Кыргызстан табигый ресурстардын жетиштүүлүгү боюнча дүйнөдө жыйырма өлкөнүн жана жан башына эсептегенде суунун көлөмү боюнча алдыңкы он өлкөнүн бири. Дүйнө эли суктанган көгүлтүр көлдөрүбүз, жайнаган жапайы чыккан жаңгак токойлорубуз, көптөгөн жаратылыш кен байлыктарыбыз, ажайып кооз жайыттарыбыз, айдоо аянттарыбыз, берекеси төгүлгөн меймандос, иштерман калайык калкыбыз болсо, биздин кембагал мамлекеттердин катарында турганга укугубуз жок. Ушу тапта негизги көрсөткүч болгон адам башына өндүргөн продукциялар боюнча башка союздук республикалардан 5-25 эсе артта калганыбыз акыл-эси ордундагы мекендештерибизди өкүндүрбөй койбойт.

Бириккен Улуттар Уюмунун аныктамасы боюнча планетада 1961-жылдан баштап температура 0,8 градуска жогоруласа, Борбор Азияда бул көрсөткүч 1,2-1,3 гадуска көтөрүлгөн. Прогноз боюнча кийинки эле он жылдыкта 0,2-0,5 градуска жогорулап, суу тартыштыгы болуп көрбөгөндөй чекке жетет деген жагымсыз долбоорлор даяр турат. 

Айыл өкмөттөрүндө үрөнчүлүк, тоют даярдоо, жерди, малды багуу жана асылдандыруу, МТС, аарычылык, курулуш уюму, балык чарбасы, соода тармактары жана башка климаттык шартына ылайыктап, өндүрүштүк иштерди толугу менен өзүн өзү каржылоонун эсебинен жүргүзүүнү милдеттендирүү зарыл. Бир аз убакыттан кийин туура багыт алган айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарба кооперативине – колхозго, каалаган дыйкандар өз демилгесин көтөрүп, үлүш жери, колундагы шаймандары менен аларга кошуларына күмөн санабайм. Уюштурган иштердин шар кетүүсүнө адегенде айыл чарба кооперативин түзгөн айыл өкмөттөрүнө мамлекеттик финансылык колдоого бир аз муктаж болушат.

Мамлекетибиздин негизки тагдырын чечүүчү олуттуу агрардык иштерди туура багыттоого, өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкен ийгиликтерин эгемендиктин алгачкы заманынан тарта тынымсыз айтып, жадабай жазып аракеттенип келем. Элетти көтөрбөсөк, элибиздин бакубат турмуш-жашоосун элестетүү мүмкүн эмес.

Жети-Өгүз районунун 14 миң кв/км жериндей аянтты ээлеген, 9,384 миллион калкы бар Израиль кум, шор баскан 243 миң гектар айдоо жерин өздөштүрүп, элинин тамак-ашын толук камсыздап, артканын сатып, дүйнө элин таңкалтырып турбайбы? Алар айыл чарбасын жетектөө тартибин биз жерип, пайдалана албаган “кибуц” деп атаган колхоздун уставына окшоштуруп түзүп алышкан.

Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, ааламдын бакубат өлкөсү АКШ айыл чарба өндүрүшүн жогорулатуу максатында чарбаларын ирилештирип жатат. 6,8 миллион фермердик чарбасын бириктирип, 1992-жылы 4 миллиондон ашыгын кыскарткан. Ирилештирүү саясаты көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө дагы жүргүзүлүүдө. Кыргызстандан жер аянты беш эсеге аз (41,2 миң кв/км), 900 миң гектар айдоо жери, 18 миллион калкы бар, ар тараптан жетишкен Нидерландия өлкөсү айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча ааламда экинчи орунда турат. Нидерландия, Кытай жана башка көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө жерге жеке менчик деген жараксыз түшүнүк караманча жок.

Башка олуттуу мамлекеттик иштерин айтпаганда да президентибиздин республикадагы отуз жылдан ашык очорулган агрардык тармакты оңдоого, пилоттук долбоорлорду уюштуруп жаткандыгы мактоого арзырлык. Президенттин жарлыгы менен ошол программага биздин чакан Чүй районубуз дагы кошулуп калганына жергиликтүү эл кубанып, иштиктүү колдоону күтүп жатышат.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, өткөн президенттик шайлоодо 18 талапкердин ичинен биринчи турда жеңишке жетиштиңиз. Мындай саясый ийгилик дүйнө элдеринде чанда кездешчү олуттуу окуя. Бийликке келериңиз менен жараксыз Конституцияны оңдоону демилгелеп, “ит-тартыштыгы” күчтүү парламенттик-партиялык жоопкерсиз башкаруудан, конкреттүү жооп берүүчү президенттик бийликке өткөргөнүңүз Кыргызстандын тарыхында эң маанилүү экономикалык саясый жеңиш жылдардан аталды. Токмок шаарындагы сиздин талапкерлигиңизди кубаттаган 18-20 миң адам катышкан Чүй облустук чоң жыйында шайлоочулардын атынан жалгыз ак жол каалап, ак батамды арнаганыма мен дагы сыймыктанып жашап келем.

Мурдакы шайланган беш президенттен айырмаланып, Кумтөрдөгү эл аралык ашынган шылуундар менен “табакташтыкты” токтоттуңуз эле, алар ызы-чуусуз, сотсуз айдын караңгысында качып жоголушту. Кумтөрдү 28 жыл иштетип, 410 тонна алтынды чыгарып, 100 миллиондой долларды кендин ээлерине кайыр-садакага калтырышты. Миң тоннадан ашык алтындын кору жаткан Кумтөр алтын кенин кайрадан Кыргызстандын менчигине кайтарганыңызга жумурай журтуңуздун сүйүнгөнүнө чек жок.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы эки жылда ички дүң продукциянын көлөмү 317, 6 миллиард сомго өскөн. 2022-жылы ИДП көлөмү 919,4 миллиард сомду түзүп, өсүш темпи 7% болгон. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнөн ичинен алдыга чыккан. Мурдакылардын “биттүү” тонун кийип, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард сом дефицит менен кабыл алдыңыз. Кыргызстандын мамлекеттик ички-тышкы карызы 2023-жылдын май айында, 5 миллиард 667 миллион доллар, 2020-жылдын октябрь айында 4 миллиард 843 миллион болгон. 

Республикабызда 2020-жылдын 1-апрелинен тартып, социалдык тармакта эмгек акы төлөө масштабдуу көтөрүлдү. Мугалимдердин, врачтардын, маданият жана социалдык кызматкерлердин айлыгы 50-100 пайызга жогорулады. Пенсия, пособие көтөрүлүп жатат. Быйылкы жылдын январь-август айларында республикада орточо айлык 32146 сомду түздү. Бул көрсөткүч үч жыл мурун 18940 сом болгон. 

Кийинки үч жылдан тарта, өлкөбүздө экономикалык жалпы көрсөткүчтөрү ар тараптан кескин жогорулоодо. Жалгыз агрардык саясатыбыз эгемендиктин алгачкы саатынан тарта тескери тарапка багыт алгандыктан, талкалануу абалынан чыкпай, жыл сайын алынуучу түшүмүбүз жоголууда. Убагында тажрыйбалуу айыл чарба жетекчилерибиз, адистерибиз бул тууралуу айтып, жазып, далилдеп жатышты. Бейиши болгурлардын актуалдуу кайрылуусун мезгилинде териштирген бийлик өлкөбүздө жаралган эмес.

Президентибиз агрардык багытка арнаган, эгемендиктин тарыхында болуп көрбөгөндөй чоң сумманы – 26 миллиард сомду өкмөтүбүз парламентте ачык талкууланган негиздүү программасы жок, чагылгандай тездикте жулуңгандарга кармата берди. Жалгыз ирригацияга бөлүнгөндөн башкасы кайтарымы белгисиз болуп турат. Каражаттарды максаттуу пайдаланууга президентке, өкмөткө, “Кыргыз Туусу” гезити аркылуу (№18, 2022-ж.) кайрылуумду угуп, жооп берген пенде табылбады. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Отуз жылдан ашуун кор болгон агрардык саясатыбыз толугу менен “аут” кетти, эми жалпыбыз биригип, адамзаттын тарыхында катталбаган, гүлдөгөн өлкөнү талкаланган жеринен кайрадан алып чыгуу аракетин уюштуруубуз зарыл. Биздин шартыбызда жерди башаламан менчиктөө аалам калкында жок айыккыс трагедияга урунтту. Асылдуу жерлерди ээлесе дагы, эң жарды жашаган элеттик мээнеткеч элимдин оор тагдырын туңгуюктан алып чыгуу үчүн адис катары мени мажбурлап, жашым улгайганына карабай пилоттук долбоордун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысына эксперимент катары альтернативдик шайлоого катышууга – оор сыноого жетелеп турат.

Жашым сексен экиде. Илимий өндүрүштүк жумуштарда, ПРООНдо жана президенттик, өкмөттүн аппаратында төрт жолу эмгектендим. Жараткан дагы баштаган ишинин өтөөсүнө чыксын дегенсип акыл-эстен, күч-кубаттан тайытпай сактагансыйт. Сексен бир жашымда жарыкка чыккан алгачкы “Ата деми” аттуу китебим жана сигналдык нускасы чыккан “Улут атасы” аталган автордук редакциядагы көлөмдүү чыгармам жана жазылып баштаган повестим буга далил. Бир аз угуу сезимим начарлаганы, коллегаларым менен бирдикте жаңы агрардык реформанын үлгүсүн даярдап, илимий-өндүрүшкө киргизүүгө тескери таасирин тийгизбейт. 1985-жылы “Прогресс” колхозу курган “Днепр” сугат системасындагы 1580 га аянттагы жер астындагы темир трубаларын дыйкандар отуз жети жылдан бери сугатка пайдаланып келет. Жүз жылга мерчемделген долбоордогу даяр түтүктөрдү кийинки чыккан жаңы модулдагы сугатты автоматташтырууга колдонууга жарайт. 

Үч жолу колхоздун башкармасы, айыл өкмөтүнүн башчысы жана соттолгон мөөнөтүм аяктай электе республикага депутат болуп бир мекемеден шайландым. Адилетсиз Компартиянын катарынан чыгарып, каардуу бийлик туш тарабымдан жабылып, эки-үч жылдай колхоздун башкармасынан түшүрө албай жапа чекти. (“Без выбора” Г.Щипитько соб.корр. “Известий”, 23.09.1987). Жазыксыз кор болгон тагдырыма кайдыгер карабаган кеменгер калыс калкым чексиз күчтүү компартиянын диктатурасын тебелеп, биринчи турдан төрт талапкерден 63%га жеткизип, мени республиканын депутаттыгына шайлашты. Күтпөгөн жакшылыктарды жасап, мени ардактаган элимдин аласасынан замана аңтарылып кетип, кутула албай кыйналып турам. Эмки өтүүчү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо калыс болсо, менин конкурстан өтпөй калуума негиз жок. 

Отуз жылдан ашуун миңдеген гектар аянттагы пайдаланбаган чабындылар, кайрак жерлер колдонууга өтмөк. Жаңы сугат аянттары өздөштүрүлмөк. Биздин оң тарапка багыттаганыбызды байкаган майда дыйкан чарбалары өз демилгелери менен айыл өкмөтүнүн алдындагы кооперативге – колхозго ишеним менен кошулмак. Техникалык тейлөө жакшырмак. Таман акы, маңдай тери менен тирдиккен дыйкан чарбаларын дагы колдоо күчөмөк. Пилоттук долбоордогу канатташ төрт айыл өкмөттөрү менен “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына жана республикадагы алгылыктуу иштерге таянып, туңгуюктан чыгуунун жолдорун чогулуп аракеттенмекпиз.

Мага курбалдаш саясатчы эки абышка сиркедей Кыргызстандагы айыл өкмөтү эмес, эң бакубат АКШнын президенттигине ат салышып жатпайбы? Менин демилгемди колдоочулар четтен чыгат. Мекенчил, биология илиминин доктору, улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, химия жана фитотехнология институтунун директору Шалпыков Кайыркүл сугатты автоматташтыруу, “Прогресс” мөмө-жемиш питомнигин жана “Шамшы-Кегети” биосфералык аймактык корукту уюштуруп, ЮНЕСКО тарабынан аны эл аралык илимий-өндүрүш тармагына киргизүүгө, он жылдап иштөө мезгилин күтүп турат. 

Чын сөздү тике айткандан тайманбасак, сизге чейин катастрофага тушуккан республиканын бардык тармактарын, анын ичинен агрардык багытты жандандырууга эгемендиктин тарыхында эч кандай аракеттер жасалган жок. Президентибиздин моралдык, материалдык колдоосуна таянсак, бул максаттагы биздин алган комплекстүү багытыбыз кыска мөөнөттө жаңыдан ийгилик жаратып, башка региондорго үлгү болоруна ишенем. 

Кылымдарды карыткан кыргыз калкынын улуу көчүн эгемендиктин заманындагы ырайымсыз талап-тоноодон Садыр Жапаровдун жана Камчыбек Ташиевдин мекенчил аракеттери менен арыла баштап, оң багытка ишенимдүү кадам шилтелгенин баамдаган калдайган эли журтубуз учурда кубаттап турат. Буюрса, ишке ашуучу фантастикалык ой-тилектер, өлкөбүздү өркүндөтүүчү долбоорлор алдыда.

Кыргызстан Каракум, Кызылкум, Бетпакталаа, Гоби, Такламакан сыяктуу коркунучтуу чөлдөрдүн курчоосунда. Көз тийген көгүлтүр көлүбүз кескин бөксөрүп жатат. Улут атасы аталган Турдакун Усубалиевдин жетеги менен 1980-жылдарда башталып, көбү бүтүп, азы калган Сары-Жаз суусун буруу долбоорун кайрадан улантып Ысык-Көлгө, артканын Сары Өзөнгө куйдурбасак, жакынкы жылдарда “Арал трагедиясы” бизде кайталанат. Бул ачуу чындык.

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Саясатка аралашкан улуу муундагы адамдар башынан өткөн бай тажрыйбасын, чогулткан акыл-эсин кийинки урпактарга үйрөтүп, калтырып кетүү озуйпасын четинен аткарып турам. 


Сизди терең урматтоо менен, 

Мырзабек Касымалиев, айыл чарба илимдеринин кандидаты, легендарлуу парламенттин депутаты

Тел.: 0703-32-32-83 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер