Акыркы кабарлар
» Коом » Таласта соодагерлер ККМди колдонууга каршы митингге чыгышты
Таласта соодагерлер ККМди колдонууга каршы митингге чыгышты
28-декабрь, 12:11
1 195 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Таласта соодагерлер контролдук кассалык машина орнотууга нааразычылыгын билдирип,митингге чыгышты. Анда соодагерлер жаңы Салык кодексин кайра артка кайтаруу талабын айтышты.
«Биз ККМди колдонууга каршыбыз. Себеби, азыркы убакта өлкөдө пандемиядан кийин элдин абалы оор. Кымбатчылык болуп турган чакта мындай мыйзамды кабыл алып, андан кийин дагы кымбатчылык болушун каалабайбыз. Жаңы Салык кодексине ылайык эки пункт бар экен. Биринчиси, кирешеси 8 миллион сомдон ашкандар, экинчиси, 30 миллион сомдон көп киреше тапкандар. Эгер кирешелер 8 миллиондон жана 30 миллион сомдон көп болсо, 12 пайыз КНС (кошумча нарк салыгы) төлөйт экенмин. Өзүм уюлдук телефондорду сатып иштейм. Бир жылда товар айлантуу 30 миллион болуп калат. Анткени бүгүнкү күндө телефондордун баасы кымбат. Ижара акысы, электр жарыгынын чыгашаларынан тышкары дагы кирешенин 12 пайызын өкмөткө төлөй турган болсок, анда билбейм. Мисалы, өзүмдүн мээнет менен тапкан кирешемдин 12 пайызын өкмөт менен бөлүшкүм келбейт. Эгер өкмөт пайызсыз насыя берип, “иштеп бергиле” десе, анда буга макул болот элек. Өкмөт тарабынан эч кандай жардам болбогон соң биз каршыбыз» деп билдирди соодагерлердин бири.