Каныбек Осмоналиев: “Кыргыз тилинин душмандары – бюрократ чиновниктер!”
-- Агай, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан бери эки айдан ашык убакыт өттү. Бул мезгилдин ичинде кандайдыр бир жылыштар болдубу?
-- Болгондо да кандай жылыштар болду! Анткени, биз бир гана мыйзам менен алек болбой, былтыр иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча өкмөттүн атайын протоколдук тапшырмасын чыгартканбыз. Менин жаным тынган жок. Жөнөкөй айыл өкмөтүнөн баштап, бардык министрликтерде мониторинг жүргүзүп, жыйынтыктарын чыгарып аттык. Бир жылдын ичинде жүзгө жакын жолугушуу өткөрдүк. Элдин пикири өзгөрдү, муз ордунан жылды деп айтсак болот. Мисалы, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, каржы министрлигинин иш кагаздарынын мамлекеттик тилдеги үлүшү болгону 22 пайыз болгон эле, азыр жети айдын ичинде 84 пайызга чыкты. Бишкек мэриясы былтыр 17 пайыз болчу, азыр 81 пайызга чыгарышты. Бул абдан жакшы жылыш! Мен региондорду айтпай эле коёюн. Аларда жүз пайыз. Чүй гана бир аз артта калууда.
ТҮРКСОЙдун колдоосу менен 20-23-сентябрда түрк тилдүү элдердин биринчи форумун өткөрдүк. Президент да өзүнүн чечүүчү ролун ойноп, 6 миллион 700 миң сом акча бөлүп берди. Алтымыштан ашуун чет элдик белгилүү лингвисттер келишти. Түрк тилдүү өлкөлөрдөн сырткары, Россиянын үч субъектисинен, Хакасия, Якутия, Алтайдан өкүлдөр катышты. Бишкек декларациясын кабыл алдык.
-- Латын алфавитине өтүү жагы кандай болот?
-- Ага азырынча бир аз эрте деп ойлойм. Анткени, Россияда миллиондон ашуун мигранттарыбыз жүрөт. Ошондуктан, “латын алфавитин азырынча коё туралы” деп президент мага расмий түрдө эскертүү берди. Башында, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынганда эле чогуу өтө башташ керек болчу казактарга окшоп. Алар 2025-жылы 1-январдан тарта толугу менен өтүшөт. Өзбектер өтүп бүттү. Ооба, алардыкы 15 жылга созулду. Бирок акырындап, эволюциялык жол менен кетишти да. Алардын кемчиликтерин эске алып, биз да эртеби-кечпи өтөбүз. Анткени, тенденция ошого кетип атат да. Бирок бүгүн эмес.
-- Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, Улуттук банктын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар жана башкалар кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Кандай дейсиз, азыр алар кыргызча сүйлөй башташтыбы?
-- Ушул жагына келгенде мен абдан чоң өкүнүчтө калып отурам. Президенттин, Жогорку Кеңештин, министрликтердин баарынын аппаратындагыларга жат жазуу жаздырсам, эмгек жана социалдык коргоо минтистрлигиндеги 37 кызматкердин он төртү “2” алышкан. Быйыл алардын экөөнү кызматынан жогорулатып ийишиптир. Кечээ эле эки министр: санариптештирүү министри жана антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын башчысы жаңыдан дайындалды. Экөө тең кыргызча билбейт... Бирок, аракет кылса берекет болот экен. Мен Бишкектин вице-мэри Мозгачеваны жаман көрүп эле жүрө бериптирмин. “Сен жумуштан кеткин” дегенге чейин баргам. Азыр оозумду ачырып, кыргызча сүйлөп атат. Тестке барып, В1ден өтүп келиптир! Бүгүнкү күндө кыргыз тилинин эң чоң душманы – дагы эле бюрократ кыргыз чиновниктери болуп атат! Болгон шылтоосу – окуу-методикалык куралдар жетишпейт, сөздүк жок... Ыя айланайын, анын баары интернетке кирген. Мозгачева кыргызчаны каяктан үйрөндү? Же болбосо америкалыктар келип алып, жарым жылда каяктан үйрөнүп атат? Аны шылтоо кылбай эле койгула.
-- Жаштарды кыргыз тилине кантип кызыктырса болот?
-- Анүчүн бүгүнкү технология менен куралданыш керек. Ал эмне? Электрондук энциклопедия, санариптик филология, компьютердик лингвистика. Лингвистикалык корпусту бүт компьютерге салышыбыз керек. Дүйнөнүн көп элдери түзүп бүтүшкөн. Англичандардыкы 6, немистердики 4-5, орустардыкы 2 миллиардан ашуун сөз экен. А бизде ойлонуп да коюшпаптыр. Кээ бир филологдор гана баштаптыр. Мисалы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Касиева деген кызыбыз бар экен. Ошол кыз, анан КТУда баштаптыр. Азыр биз ошолордун баарынын башын бириктирип, вице-премьер Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында топ түзүп, ишти баштадык. Же википедияны алалы. Ал электрондук энциклопедия да. Ал википедияда биз болгону 80 миң макала түзүптүрбүз. Аны да жеке адамдарга берип коюптурбуз. Алар биз түзгөн тогуз томдук энциклопедияны алышкан дагы, ошону киргизип, 80 миңге жеткизишкен. Тажиктердики 130 миң, өзбектердики 400 миң, казактардыкы 500 миң, орустардыкы миллион макала! Карап туруп арданасың. Кечээки форумда ушул тууралуу абдан катуу сөз болду.
Жасалма интеллектти түзүү боюнча көп эле иштерди жасадык. Мисалы, үндү кагазга түшүрүүнү, кагаздагы текстти үнгө айландырууну жасадык. Семантикалык анализ, синтез жасалды. Буюрса, 31-октябарда презентация кылабыз. Орустардын “Алиса” деген жасалма интеллегиндей кылып туруп эле биз жумушчу атын “Акылай” деп койдук. Эми “Акылайыбыз” кыргыз тилинде сүйлөп, котормолорду, прогноздорду жасап бериши керек. Мамлекеттик 5 жылдык программа бар. Ошонун алкагында акча бөлдүргөнгө жанталашып жүгүрүп жүрөм азыр. Аны жасай турган Америкадан, Европадан, Япониядан окуп келген балдарыбыз бар экен.