Мэр Айбек Жунушалиевге катуу сокку урулду!

Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Байгазиев “Опузалап пара талап кылуу” фактысы менен кармалганы жарыяланды. 35 миң долларды кайра кайтарып берүү учурунда колго түшкөн. Бул боюнча УКМК маалымат таратты.
Албетте, бул көрүнүш уят! Өзгөчө башкалаанын мэри Айбек Жунушалиевге тикелей сокку! Орун басары олчойгон акча каражатына шектелип, камалып кетти. Мындай жагдайда Айбек Жунушалиевдин иштөөгө моралдык укугу барбы? “Балык башынан сасыйт” деген кепти эсибизден чыгарбашыбыз керек. Эгерде өнүккөн өлкөлөрдөн мисал келтирсек, дал ушундай шартта биринчи жетекчинин да жоопкерчилиги каралмак!
Ансыз да Айбек Жунушалиевдин ишмердиги көңүл жылытарлык эмес. Шаардагы башаламан курулуштардын уланышы, акыр-чикирлердин убагында тазаланбай жатышы, самокат, мопед, велосипед тепкендердин ыраатсыздыгы, жөөн жүргүнчүлөрдү коюп кетиши, айтор, кайсы жагын караба, бак-дарактар чирип, иренжите турган жагдайлар арбын. Социалдык көйгөйлөрдү санабай эле коёлу... Мындай шартта мэр иштей албай калганын моюнга алып, намысы менен кетип калса болмок. Тилекке каршы, ал тырмышып отурат. Жогорку жетекчилик баа бере турган мезгил алыс эместир.
"Азия Ньюс" гезити