Ажырашкан соң жандүйнөм ооруп, ата-энемдин үйүндө кыйналып жатам
Азыр ушунчалык жандүйнөм ооруп, депрессиядан чыга албай жатам. Жолдошум менен эки башка жолго түшкөнбүз. Аны жамандагым келбейт, жашообузда көп түшүнбөстүктөр болду. Чатагыбыз ырбагандан ырбап, акыры ажыраштык. Азыр такыр байланышпайбыз, балким, бири-бирибизге болгон таарынычыбыздан уламдыр. Бирок бири-бирибизди абдан жакшы көрчүбүз. Учурда алты айлык кош бойлуумун. Үч жашар уулум бар. Айтсаңыздар керек, “боюңда болсо эмне кыласың ажырашып, өзүң күнөөлүүсүң” деп. Жок, андай эмес, жашоодо баары биз ойлогондой, айткандай боло бербейт экен.
Эмнегедир эч нерсе жакпай кыйналуудамын, ата-энем менен турам. Бирок ата-энеме деле айталбайм. Түнү менен ыйлап, уктай албай, жегим келген нерсени жей албай, абдан кыйналып жатам. Өзүм жөнөкөй эле үй-бүлөнүн кызымын. Кичинекей инилерим, сиңдилерим бар. Иштейин десем иш жок, айылда турабыз. Ата-энем “кыйналып каласың, баланы карап үйдө эле болгонуң жакшы” деп макул болушпады. Турмушка чыккандан кийин үйдө мурункудай боло албайт экенсиң. Өзүмдү, баламды ашыкча сезип калам. Билбейм, ушунчалык жандүйнөм ооруп жатат, сөз менен жеткире албайм. Бул күндөрүмдү душманыма да ыраа көрбөс элем. Менин айтарым, “жети өлчөп, бир кесип” чоң турмушка туура кадам таштагылачы, кыздар!
Бегимай
"Азия Ньюс" гезити