Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди Момбеков: “Эл чек ара боюнча өз талабына биринчи жолу жетише алды”

Рыскелди Момбеков: “Эл чек ара боюнча өз талабына биринчи жолу жетише алды”

03-май, 21:00
781 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кемпир-Абад суу сактагычы, чек араларды кайрадан кароо маселелери боюнча Камчыбек Ташиевдин кадамдарына кандай баа бересиз?

-- Кемпир-Абад суу сактагычынын коңшу өлкөгө берилбей калышын, чек ара маселелерин кайра карап чыгуусун жергиликтүү элдин жеңиши катары сыпатташыбыз керек. Бул окуялар өкмөттүн эл менен эсептешпей иш кылганынын натыйжасы десек болот. Эл чек ара боюнча өз талабына биринчи жолу жетише алды. Өзгөндүн, Кара-Суунун жери өлкөнүн жери экенин эл өзү далилдебегенде, маселе башка нукта чечилмек. Анда чек ара боюнча өкмөт комиссиясы ЖКга алып келип, комитетте жабык эшик артында карамак. Жалпы жыйында болсо биздин 6-чакырылыштын депутаттары эч ойлонбостон чек ара маселесин кандай болсо ошондой кабыл алып берип коймок. Ал эми Ташиев алабармандыкка алдырып койду. Муну менен УКМКнын кадыры да бир топ түшүп калды.

-- Депутаттар кумарканалар жөнүндө мыйзамды 1-окууда кабыл алып беришпедиби. Ал эми президент өзү баш болуп кумаркана ачуу менен өкмөткө бир топ каражат түшүрүүнү айтууда. Сиз бул мыйзамга каршы чыккан депутат катары себептерин түшүндүрсөңүз?

-- Бул мыйзам долбоору 8-апрелде каралып, талкуу болгон. Ошондо мен жана дагы бир депутат “өкмөттүн корутундусу барбы?” деп сураганбыз. Өкмөттүн корутундусу жок дешкен. Ал жок болсо, мыйзам палатага кирбеш керек эле. Демек, өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү бул мыйзамга каршы болушкан да. Ошентип, ал мыйзам ошол күнү бир канча депутаттын суранууларына карабай, добушка коюлган жок. Кийинки жумада да коюлбады. Анан 24-апрелде ыңгайлуу депутаттарды алып келип, добушка койгону бийликтин кызыкчылыгы бар экенин көрсөттү. Негизи мыйзам талкууланып жатканда президент кийлигишпеши керек. Бирок, комментарий берди. Муну менен депутаттарга басым жасалды. Элдин, жердин кызыкчылыгын ойлосок, бул мыйзам кабыл алынбашы керек. Утурумдук кызыкчылыкты эмес, улуттун кызыкчылыгы биринчи орунда турушу маанилүү. Анүстүнө эртең бул мыйзамга толуктоолор киргизилип, өлкөнүн башка аймактарында да кумарканалар ачылбайт деген кепилдик жок. Ал эми 1 млрд. сом салык түшөт дегендери калп!


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер