Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Юруслан Тойчубековдун шериги Феликс Куловдун да жоопкерчилиги каралабы?
Юруслан Тойчубековдун шериги Феликс Куловдун да жоопкерчилиги каралабы?
13-февраль, 19:31

MCN coin уюштурган жыйында Феликс Кулов да катышып, сөз сүйлөп, элди адаштырууга салым кошкону коомчулукта кызуу талкууланды. Аксакал курактагы адам алды-артын карап жүрсө болбойт беле? Алдамчылар канчаларды зар какшатып кетишти экен? Эл арасында Феликс Куловдун да жоопкерчилигин кароо талабы коюлууда. Албетте, бул иштин канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын тергөө аныктап, сот чечим чыгарат. Ага чейин Феликс агабыз үйдөн чыкпай, тынч отуруусу керек. Же камалып кетеби? Көрө жаталы. Шериги Юруслан Тойчубеков 76 жашка чыгып алып, MCN coin менен шугулданганы, кеңеш бергени үчүн түрмөгө кирип кетти го?..
"Азия Ньюс" гезити