Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » В.Зеленский: “Мариуполдун жүз миңдей тургуну адам чыдагыс абалда турат”

В.Зеленский: “Мариуполдун жүз миңдей тургуну адам чыдагыс абалда турат”

23-март, 12:06
585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украинанын Мариуполь шаарында бүгүнкү күндө дагы 100 миңдей адам камалоодо турганын өлкө президенти Владимир Зеленский 22-мартта кезектеги видео кайрылуусунда айтты.

"Адам чыдагыс шартта. Толук блокадада. Тамак-ашсыз, суусуз, дары-дармексиз. Тынбаган аткылоо, тынбаган бомбалоо астында" деди украин башчысы. Анын айтымында, шаардагы элди алып чыгуу үчүн туруктуу гуманитардык коридор түзүү аракеттери орус тараптын айынан улам үзгүлтүккө учуроодо. Ал эми Россия бул үчүн украин тарапты айыптап жатат.

Зеленский Рим папасы Франциск менен сүйлөшкөнүн, анын Украинага көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргенин жана өлкөгө келип кетүүгө чакырганын айтты.

Ал эми украин-орус сүйлөшүүлөрү тууралуу Зеленский талкуу күн сайын, бирок оор, кээде уруш-талаш менен жүрүп жатканын маалымдады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер