Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан Кытайдан дагы бир ирет катуу суранды

Кыргызстан Кытайдан дагы бир ирет катуу суранды

17-ноябрь, 17:33
684 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кытайлык кесиптешинен тышкы карыздын Кыргызстандын бюджетине келтирип жаткан оорчулугун жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү суранды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

16-ноябрда Казакбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул октябрь окуяларынан кийинки эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги алгачкы расмий байланышы болду.

"Коронавирустун макроэкономикалык кырдаалга тийгизген негативдүү таасиринен улам министр өлкө бюджетинин жүгүн жеңилдетүү үчүн тышкы карыз боюнча көмөк көрсөтүү маселесине көңүл бурду" деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Казакбаев Кыргызстанда иштеген кытайлык компаниялардын жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынарын баса белгилеген. Бул максатта жакынкы күндөрү көйгөйлөрдү кенен талкуулоо максатында Кыргызстандагы Кытайдын алдыңкы компаниялары менен “тегерек үстөл” өткөрүү пландалганын айткан.

Өз кезегинде Кытай ТИМинин башчысы Ван И Кыргызстандан экспорттолчу экологиялык айыл чарба азыктарын жана чек аралаш Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна ташылган көмүрдүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар болуп турганын билдирген. Муну менен бирге Кытай тарап Кыргызстан менен болгон активдүү кызматташтыгын улантууга даяр экенин ырастаган. Ошондой эле тараптар "Торугарт" жана "Эркечтам" кыргыз-кытай чек ара көзөмөл-өткөрмө пункттарын толугу менен жандантуу маселесин талкуулашкан.

Белгилей кетсек, соңку 12 жылдын ичинде Кыргызстандын Кытайдан алган карызы дээрлик 200 эсеге өсүп, 1 миллиард 775 миллион 130 миң долларга жетти. Бийлик Кытай башында турган бир катар өлкөлөр менен карызды реструктуризациялоону сүйлөшүп жатат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер