Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупция менен мафиянын өкүлдөрү Садыр Жапаровдон өч алууну баштады

Коррупция менен мафиянын өкүлдөрү Садыр Жапаровдон өч алууну баштады

13-июль, 21:49
2 380 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аскар Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга берсе, Курманбек Бакиев Каркыраны Казакстанга карматкан эле. Кыргыз жери четинен жок болуп, такталбаган чек араларда Кыргызстандын территориясы азайып келатканы элдин үрөйүн учурду. Сооронбай Жээнбековдун убагында Ат-Башы районунда Кытайдын логистикалык борбору курула турган болгондо эл көтөрүлүп чыгып, токтотуп калышкан. Алардын айтымында, логистикалык борбор Кытайдын экспансия саясаты менен коштолуп, миллиондогон кытайлар адегенде Ат-Башы районун каптап кетишип, андан кийин Кыргызстандын жарымы жок болушу ыктымал беле? Аренда мөөнөтү 49 жыл болсо, ага чейин орустар айткандай, “же падишах же эшек өлүп” заман өзгөрүп кетсе, туулган жерибизден сүрүлүп чыгат белек? Эгер Кудай уруп чын эле ошондой болуп кетсе, коммунисттик система менен өнүккөн цивилдүү кытайлар бечара кыргыздардын жашоо-шартын ырастап беришип, айыл чарба, мал чарбасын түзүп беришсе, мал баккан жагынан биздин кыргыздар алдына эч кимди чыгарбайт эмеспи. Бир гана жаман жери – курт-кумурска, бака-жыландарды ылгабай жеген кытайлар чочко эмес адамдын этин, өзгөчө жаш балдардын этин деликатес катары жеп коюшары дүйнөгө тарап кеткен. (Бул жерде тактай кетчү нерсе, тирүү балдардын эмес, аборт болуп боюнан түшүп калгандарды). Кыргызстанда болсо төрт сабиз жүз сомго бааланып, Түркмөнстандын чөлүндө өскөн помидорго күнү түшкөн каатчылык болуп жатса, Кытайда жогоруда айтылгандай азык-түлүк деген толтура. Эч кандай кабагым-кашым дебестен баары иш менен камсыз болушуп, бала-чакасын Кытайдын борборунда окутушкан кыргыздардын багы ачылса жаман эмес да. 30 жылдан бери мамлекеттүүлүк жана мыйзамдуулук жоголгон Кыргызстанда жашоого мүмкүн болбой калган үчүн  миллиондогон кыргыздар чет өлкөлөрдө тентип жүрүшөт. Эми ошолор Кытайдын жардамы менен болсо да өз мекенине кайтып келишип, үйү үстүндө, ата-энеси жанында, бала-чакасы чоңоюп-чочоюп жатышса эмнеси жаман? “Эшекти отко айдаса бокко качат” болгон эл душмандары саясат-геосаясатты түшүнбөй туруп капитализмге өтүп алышты эле, бүгүн жыйынтыгы чыгып жатат. Ошондо да тойгончо жеп өлгөнчө карганган коррупционерлер өздөрүнүн кошоматчылары менен актангандын үстүндө. Мындай бетпактардын көкмээлиги жашоо, убакыт, фактылар менен далилденип жатат. Ушулардын айынан мамлекет оор абалга туш болуп, 6,5 млн. кыргыз эли кыйналып турушат. Бүгүнкүдөй оор абалда Кыргызстанга инвесторлор керек болууда. Бирок 5 миллиард долларга жеткен Кытайдын карызын төлөй албай жатып дагы ала турган болсок, жерин тарттырып ийген Тажикстандын кейпин кийип калышыбыз мүмкүн. Үстү-үстүнө ала берген карыздар 10 миллиардга чаап кетсе, бечара кыргыздар ит жээр-бит жээр кытайлардын колуна түшүп беребизби? Мындай коркунучтуу жагдайды президент Садыр Жапаров Кытай өлкөсүнө болгон иш сапарында эсинен чыгарбаса керек. 

“Мына ушулар мыкты инвесторлор экен” деп НАТО өлкөлөрүнө 49 жылга уруксат берилсе, кандай тапшырма болсо да аткарып беришерин көрүп жатабыз. Кыргыз мамлекетинин баардык тармактары АКШ баш болгон капиталисттер кандай каалашса ошондой талкаланды го. Алар Тажикстан сыяктуу согуш баштап келген жок, болгону бир ок чыгарбай туруп жөн гана эл душмандарынын көкмээлигинен пайдаланышты. Айтып, деп, түшүндүрүп турган адамдын артынан сая түшүп, аны үч ай бою издеп, аны менен президент өзү соттошо турган болгон. Таңкалычтуусу, геосаясатты түшүнбөгөн көкмээлерди Кудай кем жаратыптыр, болгон окуяларды 30 жылдан кийин деле түшүнбөйт экен. Бирок Кудай баарын көрүп туруптур, кыргыз бийлигине элин-жерин сүйгөн патриот адамдарды алып келип, мамлекет катары сакталып калдык. 

Адамдан өткөн куу жаныбар жок экен, президент Садыр Жапаровду энергоминистри бир эмес эки жолу алдап кетиптир. Ортомчу компанияларды түзүп алып, оңой акча тапкандарды багыш үчүн энерготарифтин көтөрүлгөнү элге жаккан жок. Дагы бир замминистри суу жыгып келип, 10 сотых жерин сугарып көрбөптүр, суу менен иши жок жүрө берип, Чүй өрөөнүн кууратып таштады. Каралбай калган шлюздардан аккан суулар пайдасыз жок болгонун милиция ачыкка чыгарса, суу чарбасында жүргөн шылуундар жазага тартылабы? Жыйынтыгында жашылча-жемиштин баары куурап, түшүмдүн жоктугунан азык-түлүктүн баасы асмандын башына чыгып кетти.

Баарын көзөмөлгө ала турган өкмөт башчы бекерчиликтен тажап бүткөн көрүнөт, үстүнө суу куйдуруп саунада жатат (!) дешет. Болуп жаткан кыйынчылыктарды дүйнөлүк кризиске, коронавируска, суунун тартыштыгына   шылтап коюп жүрө беришкен шылуундар “чимкирик” парламенттин элегинен өтүп келишкен өз адамдары экени элге белгилүү. Уят-сыйытын жоготпогон, эл-жер үчүн кызмат кыла турган профессионал кадрларды парламентке, өкмөткө жакын жолотушпайт. Анткени, арканды алыс ыргыткан эски бийликтин “стратегиялык планы” эң жөнөкөй. Ака-үкалардын адамдарын, ишке жарабаган тууган-туушкандарын, ар кандай кландардын мүчөлөрүн бийлик бутактарына алып келип,  алары чартаңбай тээп сауналап жүрө беришип, алар аткарбаган иштери үчүн президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди күнөөлөп чыгуу. Үчүнчү элдик революцияда коррупция менен мафияны бийликтен айдап чыккан Жапаров менен Ташиевден өч алуу. Ошондуктан коррупция менен мафия жазага тартылып, үч жыл, беш жыл түрмөнүн төрүндө отурушса эстерине келет. Андан кийин бийликке жутунган олигарх-көпөстөргө шарт коюлушу керек. “Же ички инвестор катары логистикалык борборлорду курасыңар (ашар жолу менен) же 100% толук кандуу текшерүүдөн өтөсүңөр” деген. Ар бир райондун көпөстөрү тизмеге алынып, план-чертёж, аткаруу мөөнөтү такталып, ишти башташы керек. Мамлекеттик мүлктү 30 жылдан бери прихваттап жеке менчикке чыгарып алып, кааласа самолёт сатып алып, кааласа пароход сатып алган ачкөздүктү токтотуш керек.

Кыргыз көпөстөрүнүн сап башында жүргөн Өмүрбек Бабанов раматылык Айдар менен дос болуп, андан кийин Максимге жабышып, АКБ “Кыргызстан”, “Азия Молл” сыяктуу байлыктарды топтоп, бирок кыргыз эли үчүн бир көпүрө салып бербегенин мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев айтып жүргөнү бар. Ал эми Таластагы Жерүй алтын кенин өзүнүн досуна ыйгарып, Кыргызстанга 1 пайыз үлүш калтырбаганын УКМК териштирет. Ошентип, өз көмөчүнө күл тарткан олигархтар-көпөстөр, союздун малын бөлүп алган миңбай-жүзбайлар иш аткара турган инвесторлорду атаандаш катары көрүшүп, же өздөрү иш кылышпайт, же өзгөлөрдү иштетишпейт.

Жыйынтыгында, “мамлекет, эл эмне болсо ошо болсун” деген 200-300 адам бийлик, байлык, акчага жутунууда. Ошондуктан, мамлекетти өнүгүү жолуна салыш үчүн Кытай инвесторлору менен ишти баштоого туура келет. Кытай өлкөсү Кыргызстанды сызга отургузуп кеткен АКШ менен Канададан кескин айырмаланып, эл аралык келишимдерди жана мыйзамдарды так акткарышат. Россия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан Кыргызстан эки державанын ишеничтүү өнөктөшү боло алса, дүркүрөгөн өнүгүү башталат. 30 жылдан бери таланып-тонолуп, уурдалып бүткөн Кыргызстан кыска убакыттын ичинде өнүккөн өлкөгө айланып кетсе, кыргыз эли улуу эл экенин көрсөтө алат. Бирок, мамлекеттерди бири-бирине кагыштырып пайда көргөн АКШ НАТОнун “наемный армиясын” талибандарга аралаштырып, Борбор Азияга карата чабуулун баштады. Тез аранын ичинде Афганистанды ээлеп, андан берки Тажикстан, Өзбекстанга кол салары күтүлүүдө. Ал эми бизде болсо Россия-Кытай менен бирдикте Кыргызстандын коопсуздугун камсыздап, ошол эле убакта жогоруда айтылгандай көпөстөрдү ички инвестор катары милдеттүү түрдө ишке салыш керек. Баардык райондордун көпөстөрү өз аймактарын гүлдөтүп, ишканаларды курушса, мамлекет өнүгө баштайт. Идеологиялык жактан алганда “бизде АКШ орноткон демократиянын негизинде ар ким өзүн-өзү билет, кааласа Сирияга барып согуша алат, кааласа талибандардын таламын талашып чыгат” деген диний караңгылык бар. 30 жылдан бери келаткан саясат, экономика, идеологияны үч айдын ичинде калыбына келтирүү маселеси жаралды. Акылмандуулук менен иш жүргүзүп жаткан кыргыз бийлигин кыргыз эли колдоп турушса келечектүү өлкөгө айланабыз.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер