Нарынбек Молдобаев: “Кумтөр да, 16 гектар жер дагы пайдалуу өңүткө бурулду”
-- “Кумтөрдү бийлик туура алдыбы же туура эмес алдыбы?” деген катуу талаш-тартыш жүрүп жатат. Эл деле эки ача пикирде калды. Сиз кандай ойдосуз?
-- Кумтөр Кыргызстанга өткөнү боюнча кээ бир адамдар “туура эмес болду, “Центерранын” бизде болгон үлүшүн берип койдук. “Центерранын” келечеги абдан чоң. Канадада, Монголияда алтын кендери бар. Ал жерлер бизге тике тийип калса жакшы болмок” деген пикирлерин айтышууда. Эч качан жакшы болмок эмес. Кумтөр боюнча канча бийлик, канча парламент кетти! “Кумтөрдүн 50%ын эптеп алсак” дегенде эки көзүбүз төрт болуп, алдырып отуруп 24%га түшүп калганбыз. Алганыбыз жакшы. Өзүбүздүн кенибиз өзүбүздүн колубузга тийгени – бул абдан чоң иш. Кумтөрдүн келечеги кенен. Кээ бир билермандар жалгыз эле “экологияга зыян келтиргени боюнча 3-4 млрд. алмакпыз” деп жатышат.
Өзүбүздүн жерибизди өзүбүздөн башка эч ким аябайт. Экологиябызга эч ким аяр карабайт. Ушуга чейин “Кумтөрдү кайтарып алсак” деген тилегибиз талаага кеттиби? Туура эмес айтып келдикпи? Колго тийип жатканына сүйүнүшүбүз керек. Эгерде иштете албасак, анда башка сөз. Кийинки муунга калтырышыбыз шарт. Иштете алсак, пайдасын кыргыз эли көрүп, сырткы карыздардан кутулганга чоң үлүш, мүмкүнчүлүк болот го деген тилектемин. Кумтөр боюнча чырларды көралбаган адамдар жасап жатат деп ойлойм.
-- Жаңы хансарай куруу, 16 гектар жер боюнча да түрдүү нааразылыктар жаралды...
-- “16 гектар жерди президент берип коюп, Акүй салынып жатат. Бизде азык-түлүк кымбаттап жатса, экономика аксап турса” деп нааразы болгондор арабызда көп. “Экономика көтөрүлсүн, анан биз жасайбыз” деп отура берсек, өмүр бою отура беребиз. Көп өлкөлөр экономика оор болуп турса да чечкиндүү кадамга барып, жасачу иштерин жасап алат. Экинчиден, Акаевдин убагында АУЦА турган 22 гектар жерди бир эле кишиге берип койгон. Ошол киши көрүнгөн курулуш компанияларга сатып отуруп, аябай байыды. 22 гектар – алтындай болгон жер. Ал жөнүндө эч ким эстеп да койбойт. Данияр Үсөнов учурунда түштүк магистралдан жогору Совет көчөсүнөн 20 гектар жер алган. Аны деле сатып жиберди. Эч ким үн каткан жок. Ошентип 16 гектар жерден деле бир шылуун пайда таап кетиши мүмкүн. Ар биринин өзүнүн доору болот. Мен “эң туура чечим болду” деген пикирдемин.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити