Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жыргалбек Касаболотов: “Ал тасманын тартылышына каршы “Манасты коргоо” мыйзамынын негизинде сотко берсе болот”

Жыргалбек Касаболотов: “Ал тасманын тартылышына каршы “Манасты коргоо” мыйзамынын негизинде сотко берсе болот”

30-август, 12:46
1 377 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Манастын уулу Семетей” тасмасынын тартылышына коомчулук каршы. Болбой эле тартып, дүйнөлүк прокатка чыгарганга шашылышууда. Бул жерде даана эле кызыкчылыктар көрүнүп жатат. Тасманын тартылбашы үчүн кандай чара көрүшүбүз керек?

-- Бул жерде чын-чынына келгенде баары бийликтен көз каранды. Азыр бийликтин башында Садыр Жапаров турат. Президент туура чечсин. Мамлекеттик катчынын позициясын айта турган болсок, ал өзү деле каршы экендигин билдирген. Эгерде мамлекеттик катчы колунда ошончо чоң ресурсу туруп, акыйкатка жете албаса, анда бул кызматтын кереги деле жок. Экинчи расмий жолу – Манас таануу жана Айтматов таануу институту, же болбосо жөн эле коомдун өкүлчүлүгү ушул фильмдин тартылышына каршы “Манасты коргоо” мыйзамынын негизинде сотко берсе болот. Сотко берилгенде соттун чечими чыкканга чейин бул фильмди тартууга жана ачыкка чыгарууга тыюу салып коё турган жоболорго умтулуш керек. А эгерде “мындан аркысы стратегиялык жактан кандай чечилет?” дей турган болсок, анда жалпы эле Башмыйзамды өзгөртүш керек. 

Анткени адам укуктары тууралуу жоболор кирип калган. Биринчиден, уруксат бере турган, ага каршы чыккандардын колунан эч нерсе келбей турган жагдайларды пайда кыла турган норма. Ошондуктан азыр реалдуу жасала турган нерсе ушул. Башка расмий жолдору жок. 

Кеп, Каныкей төркүнүнө кетип калганында эмес. Мындай эпизоддор эпосто деле бар. Тайторуну ошол жакта жүрүп чаап жатат. Кеп, башка бурмалоолорунда. Мисалы, эч качан эпосто болбогон түрк элчиси келип жатат. Кытай менен кангай деп баары бир эпосто эсептелгенине карабастан, өз-өзүнчө, бирөө жакшы, бирөө жаман болуп көрсөтүлүүдө. Манас атабыз Алтайга көмүлүп калууда...

Эгерде Манас дүйнөсүн чындап сыйлай турган болсок, анда бул фильм болобу, башка фильмби, деги эле тартылбашы керек. Манастагы каармандардын образын адамдын ролу менен туюндуруп болбойт. Манасчылык кылымдардан бери келе жаткан сыналган форма. Ошол түрүндө өнүгүшү зарыл. Эл дагы манасчылык түрүндө кабыл алып, угууга даяр болушу керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер