Турдалы Сулайманов: “Урматтуу президент, сексенден өткөндө селейип үйсүз каламбы?”
Турдалы аксакал 83 жашта. 1941-жылы Ат-Башы айылында туулган. Эр жеткенден пенсияга чыккыча мамлекет үчүн жан аябай иштеп, анын ичинде 25 жыл ички иштер органдарында үзүрлүү кызмат өтөгөн. Мындан үч жыл мурун кеңсебизге келип, 80 жашка чыгып, өзүнчө үйлүү болгонун кубаныч менен айтып кеткен эле. Эми минтип кайра келиптир. Бу жолу сабыры суз, башын жерден көтөрбөйт, баягыдай эмес, илкий басып араң учурашты...
-- Турдалы ага, шаарга жөнжай эле келдиңиз беле?
-- Бу жолу жай эмес, ток этерин айтайын. Мындан үч жыл мурун үйлүү болуп, Ат-Башы РИИБге караштуу, арт жагында короосунда жайгашкан эски имаратты ошол кездеги начальник Болот Арзыгулов жана иштеп кетишкен ардагерлердин демилгеси менен оңдоп-түзөшүп, ошол турак жайды мага ыроолошкон. Азыркы учурда да жашап келем. Бирок, бул турак жай менин менчигим эмес.
-- Кандайча?
-- Кептин баары ушунда болуп атат. Мамлекеттик жерлерге мораторий жарыялагандыктан менчикке чыгарып алууга болбойт экен.
-- Э кокуй, чейрек кылым ички иштер органдарында күжүрмөндүктө иштегениңиз текке кеттиби анан? Эч жакка кайрылган жоксузбу?
-- Былтыртан бери барбаган жерим, какпаган эшигим калган жок. Акыры 2023-жылдын июнь айларында КР президентинин аппаратына кайрылсам, “сиз туруктуу катталган жериңиз боюнча жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууңуз керек” деп кат түрүндө жооп кылышкан. Айтылган органдардын баарысына кайрылдым, бу жолу да барбаган жерим калган жок. Эч кандай жыйынтык чыкпагандан өзүңө келип отурам. Сиздердин “Азия Ньюс” гезитин президент Садыр Жапаров окуйт экен.
Азыр жашым 83тө, урматтуу президент Садыр Нургожоевич, сизден суранарым, сексенден өткөндө селейип үйсүз каламбы? Жардам кылыңыз, терең урматтайм, үмүтүм жалгыз сизде!