Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Доллар эмнеге тез арада көтөрүлдү?

Доллар эмнеге тез арада көтөрүлдү?

10-сентябрь, 05:46
663 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, 8-9-сентябрга карата доллардын сомго карата курсу 0.15% жогорулап, 78.7273 сомду түздү. Муну менен катар коммерциялык банктарда америка валютасынын курсу 79 сомдон жогорулап кетти. Бул тууралуу “Акчабар” финансылык порталы жазды.

Коммерциялык банктар жана Бишкектеги Байтик Баатыр–Москва көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайларда доллар 79 сомдон сатып алынып, 79.4 сом менен сатылууда.

«Доллардын курсунун жогорулашынын себеби, Brent маркасындагы мунайдын баасы 41.4 доллардан 39.73 долларга чейин түшүп жаткандыгына байланыштуу. Андан сырткары, америка валютасынын рублга карата курсу 75.96га чейин өстү. Коңшу өлкөлөрдө болуп жаткан валюталык өзгөрүүлөр бизге дагы өз таасирин тийгизүүдө. Андан сырткары, ички инфляция дагы валютага терс таасирин берет» деп билдирди Кыргызстандын акча алмаштыруучу бюролор бирикмесинин өкүлү Думан Рыскулов. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер