Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Миграцияны өзүнчө мамлекеттик департамент кылыш керек”

Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Миграцияны өзүнчө мамлекеттик департамент кылыш керек”

18-июнь, 19:30
540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Динара Ашимовна, Түркияга иш сапары менен барып келген кесиптешиңиз Камила Талиева биздин эмгек мигранттары туш болгон көйгөйлөр жөнүндө айтты. Алардын эң орчундуусу – ал жакка жашы жете элек кыздар барып, анан мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышпайт тура. Сиздин оюңузча, бул көйгөйлөрдү кантип чечүү керек?

-- Негизи, биздин миграция боюнча мыйзамдарыбыз жакшы жазылган. Ошону аткарыш керек. Анүчүн мамлекет өтө чоң каражат салууга тийиш. Мен ушу маселе менен атайын Өзбекстанга барып келдим. “Эмгек миграциясына барам” деген жаштарды Өзбекстанда окутуп, компанияларды чакырып, келишимди түздүрүп, медициналык камсыздандыруусун төлөттүрүп, анан жөнөтөт экен. Биздин мыйзамда деле ошондой бар, бирок ага акча каражаты керек. Азыр бул тармакка жаңы министр келди, көйгөйлөрдү билет. Бюджетти алып келгенде “ушундай кылат элек” деп сунуш киргизсе, кайсы депутат каршы болот? Баарыбыз колдоп беребиз да. “Окутканга мынча, медициналык камсыздоого түкүнчө каражат” деп бюджетке салып келүүгө тийиш.

Бизде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги болуп атпайбы. Менин оюмча, миграцияны өзүнчө мамлекеттик департамент кылыш керек. Миграция – бул чоң социалдык кубулуш. Бул бир министр башкарып, жөнгө салып кете турган иш эмес. Бир чоң департамент аки-чүкүсүнө чейин карап турушу керек да. Азыр андай болбой жатпайбы. Ошондуктан, туристтик виза менен кирип, тигүү цехтеринде иштеп, баягүнү эле ызы-чуу чыкпадыбы. Биздин мигранттар деле чет өлкөлөргө туристтик виза менен барганы үчүн ишке кире албай жатышат да. Алар дароо эле жумушчу виза менен кетиши шарт. Улуу Британия менен аябай жакшы жолго коюлду го, баарын ошондой эле кылып коюш керек.

-Анда 18 же 20 жашка толо элек кыздар чет өлкөлөргө чыкпасын деп тыюу салуу менен маселе чечилбейт экен да?

-Дароо эле билинет, ким жумушка, ким окууга кетип атканы. Окууга кетип аткан болсо ага да жардам бериш керек. Биздин студенттер ал жакка барганда кайсы жатаканада жашашат, медициналык камсыздоо болобу, болбойбу (?) деп сүйлөшкөндө эле өздөрү сорттоло баштайт. Мигранттарыбыз да жумушка даяр болуп барышы керек. Мисалы, бала караганы баргандар, гувернанткалар бизде даяр эмес. Эмне, биз аларды даярдап жөнөтүп атабызбы? Анан албетте, баргандан соң иш табышпайт. Себеби, даяр эмес... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер