Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Угулбай калган бешик ыры

Угулбай калган бешик ыры

06-декабрь, 22:02
1 053 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айзаданы жалгыз бой энеси канаттууга кактырбай бапестеп чоңойтту. Азыркы кыйналып турган абалын көрүп, “дарыгерге кайрыл” деп кыстап жатты. Мектепти эми эле бүткөн кызы кош бойлуу болуп калганын апасы кокусунан билип калса, кандай абалда болорун Айзада элестетип алып, тыбырчылап, жүрөгү кысылып, айласы кетип жатты. Али кыймылга келе элек курсагын кармалайт. Ушунчалык таттуу махабатынан жаралган ымыркайын аяйт. “Ымыркайым, кандай жол издесем да, мен сени жарык дүйнөгө алып келе албайт окшойм. Апакеңдин бешик ырын, булбулдардын сайраганын укпай, караңгылыктан караңгылыкка жол тартасыңбы?» деп түйүлдүк менен сүйлөшүп жатты. Түркүн жол издеди. Бир убакта бир чечимге келип, пальтосун кийип, моюн орогучун оронуп, сыртка чыкты. Апасы менен бөбөгү бейкапар уйкуда эле. Коркунучтуу түндө жалгыз баратты. 

Жүрөгүн бир таарыныч менен сагыныч кескилеп, жаман ойго түртүп баратты.  Ал өлүмдү издеп баратты...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер