Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Раимкулов: “Чүй облусунда сууну туура бөлүштүрбөгөндөн тартыштык жаралууда”

Бактыбек Раимкулов: “Чүй облусунда сууну туура бөлүштүрбөгөндөн тартыштык жаралууда”

26-июнь, 19:58
2 010 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бактыбек мырза, чын эле Чүйдө, анын ичинде Жайыл жана Панфилов райондорунда сугат суу тартыш болуп атабы?

-- Ооба, бүгүнкү күндө Жайыл жана Панфилов райондорунда сугат суу тартыш болууда. Мен ишенимдүү балдарды жиберип, “себептерин билгиле” деп тапшырма бергем. Тоодон суу толук кандуу эле келип атат. Болгону, дыкат регулировка болбогондон улам бир жерде суу кенен да, бир жерде суу тартыш болуп, жетпей калып атыптыр. Ушул боюнча өкмөткө кайрылып, “көзөмөлгө алгыла, дыйкандардын баарына суу жетсин” деген сунуш айткам. 

-- “Дунгандар” деп баса белгилеп кетипсиң...

-- Ооба, эмоцияга алдырып, бизге кайрылган дыйкандар кандай айтса, эч бурмалабай айтып, оозуман чыгып кетиптир. Кыргыз болсо “кыргыз”, дунган болсо “дунган”, казак балсо “казак” эле дейсиң да. Бу жерде улут аралык араздашуу сөзү эмес, болгонун айткам. 

-- Өкмөт башчы Улукбек Мариповго да ушу боюнча катуу айттың окшойт?

-- “Иштей албайсыңбы? Кызматыңды таштап, кет!” деп катуу эле айттым. “Сүрөткө түшүп пиар кылгандан көрө иштегиле. Колуңардан келбесе кеткиле” дедим. Райондук суу чарбаны башкарган жетекчилердин бир-экөөнө телефон чалып, “суу таңсыктыгын чечкиле. Чече албасаңар, жумуштан кетесиңер!” деп койсо эле баардыгы өз нугу кетмек. Жадагалса ошону жасабай жатпайбы! Азыркы өкмөттүн жасап аткан иштерин эл көрбөй, жыйынтыктары жок. Чечкиндүү кадамдарга барбай атат. Иштегенине 5-айга кетти. Чын-чынына келгенде, күчтүү адис бир-бир жарым айдын ичинде өзүн элге, коомчулукка көргөзө алат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер