Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жсем Бегим: “Саясатчылардын да СММ адистерине күнү түштү”

Жсем Бегим: “Саясатчылардын да СММ адистерине күнү түштү”

05-сентябрь, 07:05
2 761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Барган сайын дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда да IT, SMM сыяктуу кесиптик тармактар өнүгүп жаткан учур. Өнүккөн мамлекеттердин жаштары  эбак эле техника, интернет, мобилдик тиркеме жана ар кандай программаларды ойлоп табуу менен алек. Ошол эле катарда СММ да бар. Бирок, бизде бул тармакка жакынкы жылдардан бери эле көңүл бурулууда. Мындан улам, биз Бишкектеги алдыңкы СММ адистердин бири Жсем Бегим менен бул адистердин коомдогу орду, алардын жасаган жумушу туурасында сүйлөштүк. 

-- Жсем, канча жылдан бери СММ адиси болуп иштейсиз? 

-- СММ деген түшүнүктүн Кыргызстанга келгенине аз гана убакыт болду. Кызмат көрсөтүүнүн бул түрү 2016-2017-жылдан бери СММ деп аталып келет. Бирок, жакшылап ойлонуп көрсөм, мен буга чейин эле ушул кесипти аркалап келиптирмин. Анткени, 2013-2019-жылдар аралыгында Кыргызстандагы белгилүү пластикалык хирургия клиникасын алдыга жылдырып, жарнамалап жүрчүмүн. Маселен, 2012-2013-жылдары Инстаграм социалдык тармагы жаңыдан гана пайда болгондо, бул клиниканын баракчасын ачып, жигердүү иш алып баргам. Ал эми Одноклассники, Фейсбук аркылуу клиниканын иши илгерилеп, көптөгөн атаандаштарын артта калтырган. Бул – СММ адистеринин жумушу экенин кийинчирээк эле билдим. 

-- СММ адистерди даярдоочу атайын окуулар же курстар барбы? Сиз атайын окууну бүттүңүз беле?

-- Кыргызстанда СММ адистерин даярдоочу, окутуучу билим берүү мекемелери жокко эсе, бирок бир топ кыска мөөнөттүү курстар бар. Мен 2018-жылы «SMM 8» борборунун социалдык медиа маркетинг адиси боюнча курсту аяктап, ошол эле жылы белгилүү компаниялардын СММ кызматкерлери арасында «Мыкты СММ адиси» деген кубокту жеңип алгам. Бирок, баары бир биздеги СММге даярдаган курстар сапаты жагынан Россия менен Казакстандагы курстардан алда канча айырмаланып турат. Мындан улам, маал-маалы менен КМШ өлкөлөрү боюнча белгилүү делген Ирина Вахитованын онлайн курстарынан билим алып турам.  

-- СММди кесип деп айтсак болобу? Негизи эле СММ деген эмне?

-- СММ – бул социалдык тармактагы медиа маркетинг, башкача айтканда, соода-сатык жүргүзүү жана бизнести илгерилетүү дегенди түшүндүрөт. Кимдир бирөө үчүн жөн гана хобби же убакыт өткөрүү болушу мүмкүн, бирок мен үчүн бул кесип. Кадимкидей шыктанып, изденип, колдонуучуларга дайыма жаңы нерселерди тартуулоо – бул өзүнчө ырахат. Кыргызстанда азырынча кесип катары эсептелбейт. 

-- Ар бир эле адам СММ адиси боло алабы?

-- “Каалоо болсо, баардык нерсени жасоого мүмкүн” деп айтылат го. Ошол сыяктуу, эгер адамда күчтүү каалоо менен аракет кошулса, ар бир жаран СММ адиси боло алат деп ойлойм. Бирок, көпчүлүк каражат табуу гана максатын көздөгөндүктөн, эптеп-септеп кыска курстарды бүтө калып, далай бизнес ээлеринин акчасын асманга чачтырып, банкрот кылган учурлар да аз эмес. 

-- СММ Кыргызстанда кандай өнүккөн, алардын кызматына кимдер муктаж? 

-- Бизде акыркы бир жыл ичинде аябай кеңири жайылып, өнүгүп жатат. Буга  бизнестин санариптешип жатканы себеп. Мындан улам, СММ адистерине болгон суроо-талап күч алууда. Социалдык тармактагы медиа маркетингди орто жана чакан бизнес ээлери колдонуп жүрсө, учурда саясатчыларда да бул адистерге муктаждык жаралды.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер