Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ата – аска тоо” эмес беле? Мекенди коргой турган эркектерибиз эмнеге пастыкка түшүштү?..

“Ата – аска тоо” эмес беле? Мекенди коргой турган эркектерибиз эмнеге пастыкка түшүштү?..

05-январь, 09:30
1 860 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Түбүң түшкүр сойку дүйнө” дегендей, күн санап адамдардын майдаланып баратканы жаныңды кейитет. Тиришумдук окуяларды жасаган “эки буттуулар” кайдан жаралды? Эң кейиштүүсү, алар азайбай, катмары калыңдап барат. Өзүбүздүн салтыбыз, нарк-насилибиз, адамдык бийик деңгээлибиз гана жакшы иштерге жол ачат эмеспи. Акыркы убакта эмнеге күн санап кыздар жабыр тарткан окуялар көбөйүп кетти? Адамдардын көкүрөгү көңдөйлөнүп баратабы? Же миграция күч алгангабы? Ким күнөөлүү? Коомбу? Энелерби? Заманбы?..

Жийде Асанбек кызы, журналист:

-- Күн алыс жүрөктү оорутуп, төбө чачты тик тургузган окуялар кайталанчу болду... “Атасы өз кызын зордуктаптыр”, “өгөй атасы кызына кол салыптыр”, “килейген зөөкүр жигит жашы жетелек кызга зомбулук көрсөттү” ж.б. деген. Замана эмне болуп баратат? “Ата” деген аттан айлангыр! Өз канынан жаралган кызына кантип дити барат? Тоону томкорор кезде секелек кыздын тагдырына эмне үчүн балта чабышат? Эмне үчүн экинчи турмуш курган энелер кыздарын карашпайт?  Эмне үчүн энелер тырмактай балдарды ар кимге калтырып кетип жатышат? “Эмне үчүн?” деген суроо бассак-турсак да жадыбызда турат. О, Жараткан! Улуу-кичүүгө ыйман бер! “Кызга кырк үйдөн тыюу”  деп айылда бой тартып келе жаткан кыздарга баарылап тымызын көз салып, астейдил тарбия беришчү эле кыргызда. Эми кимди күнөөлөйбүз? Жетпеген оокаттын айынан талаалап кеткен кыздарыбыздын канчасынын тагдыры талкаланып жатат? Үй-бүлө эмес, Ата журтту коргоп, суук көздөн сактай турган эркектерибиз эмнеге мынчалык пастыкка түшүштү? “Ата – аска тоо” эмес беле? Кантип кетер экенбиз? Кандай коомдо жашап жатабыз? Кечээ жакында тогуз жашар Сумаянын тагдыры жүрөктү канатты... Чак түштө кыздар мектепке жетпей, зомбулукка кабылып жатышы кантип ойлонтпойт? 

Ар бир айыл, үй-бүлө, адамдар ойлонушубуз керек. Элибиздин нарк-насилинде жок тирукмуштарды жасагандар катуу жазаланышы зарыл! Тартипти катуу сурабаса болбой калды. Келгилечи, айланайын уул-кыздар, ата-энелер, очогубузду сактагандай нарк-насилибизди да сактайлычы! Боорукерлик, меймандостук жактан мыктыбыз го? Кайдан чыгып жатат аңги маңкурттар? Айыл аксакалдарынын чечими менен бир үй-бүлө айылдан чыгарылды. Түшүнгөн адамга бул оор окуя. Ташбараңга чейин жеткен окуя болгон Таластын эки айылында. Укук коргоо органдарына ишеним калбай калганда жаны ачыган эл ошого барат экен. Бирок биз XXI кылымда жашап жатканда ушундай аргасыздыкка жеткирбей иштей турган укук коргоочулар, тартип сакчылары, аялдар укугун, балдар укугун коргоочу уюмдар, мектеп жана башкалар эл менен жапатырмак тыгыз иштеши керек болуп турат.

Кордолгон кичинекей Ибрагимдин тагдырын эл унутпаса керек? Коңгуроо эбак кагылган. Ойгонолу, ойлонолу! Кыргыз эң кымбат нерсесин жоготуп жатат. Мончок кыз, көчөт бала ыйлабасын!

Элмурат Кочкор уулу, Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты:

-- Муну бир тараптан кароо мүмкүн эмес. Комплекстүү себептерден улам   ушундай жаман иштер келип чыгат. Өспүрүм кыздардын оор акыбалда калышына бир топ факторлор себепкер. Эң башкысы, үй-бүлөлүк тарбия. Эгерде үй-бүлөдө ата-эне балдарын туура тарбияласа, “бирөөгө тийишпе, бирөөнүн акысына кирбе, адамдын эркиндигине кол салба”! Кудум ушундай нерселер менен бала чагынан туура тарбияласа, мындай жаман окуялар азыраак катталмак. Ушундай эле таризде кыздарды дагы туура тарбиялоо зарыл. Кыз бала атасынан жетиштүү мээрим көрбөй калган учурда бул боштук өмүр бою сакталат жана аң-сезимди толтуруш үчүн кыз кимдир бирөөдөн мээрим издей баштайт. Мындан улам өтө тез алданып калган, өтө тез ээрчип кетип, логикалык ой жүгүртө албай, сезим менен ой жүгүртүп туруп алган учурлар көп кездешет. Тең салмакты иштетиш үчүн бир аз логика зарыл. Бул деле тарбияга байланыштуу. “Мен сени сүйөм” деген сөзгө ишенип, акыр-аягы аянычтуу окуя, өлүмдөр менен бүткөн учурлар жок эмес. 

Биз бир айыптууну кармап, тепкилеп, каматып, анан отуруп калабыз. Эмне үчүн ушундай окуялардын себептери менен алектенбейбиз? Мындай нерсеге ким себепкер болсо да, ошону менен токтоп калбаш керек. Ушул окулардын башкы себептеринин бири мүмкүн экономикалык кризис. Акча жок болсо, адамдын иши болбосо, туруктуу карьера же билим алуу жок болсо, боштук жаралат. Мындай боштуктан улам ушуга окшогон ар түрдүү жаман иштер өркүндөйт. 

Андан сырткары, укуктун жакшы иштебей жатышы. Мыйзамдын эң негизги милдеттеринин бири – бир адам соттолгон учурда анын жаман иштери кайра кайталанбай тургандай күчтө болушу зарыл. Мыйзамдын эң негизги милдеттенмелеринин бири ушул. Бизде бул жок же жетишсиз. Өлкөдө укуктуулук канчалык сакталып жатканы, соттордун абалы белгилүү. Ушул абалдардан улам дагы кылмышкер андай иштерге баргандан көп коркпойт. 

Статистика көз салып, анын себептерин изилдеш керек. Мындай окуялар болуп жатканына заман, ата-эне, коом – баары күнөөлүү. Укукту ордуна койбогон үчүн, адамча жашаганга шарт түзүп бербегендиктен мамлекет да күнөөлүү. Убагында үй-бүлөдө жетиштүү тарбия бере албаган ата-эненин да күнөөсү бар. Ушул себептерден улам түшүнүгү тайыз адамдардын катмары калыңдап, жаман иштерге кириптер болуп жатабыз. 

Нурзат Токтосунова, теле алпаруучу:

-- Бул окуяларга жалпы коом, ар бирибиз күнөөлүүбүз го. Ар бир эне өз жоопкерчилигин сезсе, кыздарынан көз кырын албаса, тарбияласа дейм. Ата-эне уул-кыздарынын тарбиясы менен болуп көрбөгөндөй алектенсе, энелер кыздары менен сүйлөшүп сырдашса, мындай окуялар азаймак. 

Кээде толгон-токой көйгөйү болуп, ата-энесинин жаңжалы көп болсо, бала түнт болуп кетет. Ар кандай иштерге кириптер болот. Ошондуктан ар бир ата-эне жоопкерчиликти алып, өзгөчө энелер кыздар менен сырдашалы. Оор окуя болуп кеткен күндө да көпчүлүгү айтпай жүргөнү, айрымдары көкүрөктөрүндө өмүр бою так кылып сактаганы – бул эненин кызынын көз карашынан абалын баамдабаганы.   


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер