Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Окуучулар сабак учурунда телефон колдонууга болбойт. Министрликтин буйругу чыкты

Окуучулар сабак учурунда телефон колдонууга болбойт. Министрликтин буйругу чыкты

31-август, 12:44
285 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы окуу жылынан баштап окуучулардын уюлдук телефон колдонуусуна тыюу салынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын окуучулар тарабынан чектелүү түрдө колдонуу тууралуу сунуштарды бекитүү жөнүндө” 2022-жылдын 30-августундагы буйругу бекиди" деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, төмөндөгү учурларды кошпогондо жалпы билим берүү уюмдарынын окуу процессинде уюлдук байланыш каражаттарын колдонууга чектөө киргизүү сунушталат:

-маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;

-окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;

-окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;

-маалымат издөө үчүн QR-коддорду окууда;

-электрондук күндөлүктү колдонууда;

-атайын шаймандар жана техникалар менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонуу.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер