Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам бар
Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам бар
03-декабрь, 12:26
910 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн, 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнү.
Президент Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, аларга кам көрүп жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Кыргызстандагы мекеме-ишканаларда, коомдук автоунаада, коомдук жайларда майыптарга ылайыкташкан шарт жок болуп жатканы эл арасында сынга алынып жүрөт.
Aryba.kg