Акыркы кабарлар
» Саясат » Шайлообек Атазов депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү
Шайлообек Атазов депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү
04-январь, 17:23
1 570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн, 4-январга карата Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 14кө жетти. Алардын арасында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Шайлообек Атазов да бар. Ал №29 Свердлов райондук округунан өзүн-өзү көрсөттү. Шайлообек Атазов талапкерлигин койгону тууралуу маалыматты «Маралга» тастыктаган.
Шайлообек Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Ош облусундагы Төлөйкөн округунан талапкер болуп, ошол эле округдан катышкан Нурбек Алимбеков экөөнүн ортосунда тиреш болгон. Атазов Алимбековго салыштырмалуу аз добуш алып калган, ал атаандашын добуш сатып алууга айыптаган. Аягында соттун чечими менен Алимбеков депутат болууга укук алган.