Кыздардын турмушка чыгуу кыялдары эмне үчүн башкача аяктайт?

Алгач кыздар турмушка чыгып жатканда анын акылы жалаң жароокер идеалдарга толгон болот. Өзүнүн күйөөсү менен чогуу жашоону ал аябай бакыт, баалуу сезет. Бирок, балкыткан бул сезимдердин да акырындык менен өтүп кетүү убагы бир же эки айдан кийин келе башташы мүмкүн. Бул тууралуу писхологдун сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Бир нерсеге, романтикага, фантазияларга да убакыт жок боло баштайт. Бул жерден сулуу айым көңүл бурбаган, маани бербеген сүйүктүү күйөөсүнүн эч ким билбеген терс кылык-жоруктары, буга чейин эч сезилбеген сапаттары бажырайып чыга келет.
Өзүңдүн жүрүш-турушуңду чет жактан, башка тараптан карап көрүү, эскертүү бардык түгөйлөргө кыйын. Салттуу түрдө бардык сезимдер, үмүттөр жоголуп, бардык таарынычтар эстен өчкөндөн кийин, жандүйнөнүн бышкан чеги ажыршкандан кийин келет. Кыз өзүнүкүн бербей, күйөөсүнө “ашыкча эле талаптарды койдумбу?” деп түшүнө баштайт, же “күйөөсүнө такыр окшошпогон башка эркек менен турмуш куруу керекпи?” деген ойлор менен курчалат.
Баары бир анын баа жеткис тажрыйбасы болот. Кийинки тандаган жигити менен кездешүү убагы келгенде, баягы кыз мурдагыдай болбойт, эми ал мурдагыдай ишенчээк эмес.