Хамас эмне үчүн Израилди бомбалады?

Мындан төрт ай мурда Ирандын диний лидери Али Хоменей Палестинанын (Хамас) “Эркиндик” уюмунун колбашчысы Зияд Нахаллах менен жолукту. 2020-жылдагы жолугушуусунда да 2 миң ракета берип, Хамас менен Хизбуллах уюмунун Израиль менен болгон күрөшүн кубаттап, “колдойбуз жана жардам берүүбүздү улантабыз" деген эле. Хамас 2022-жылдын август айларында Ирандан келген ракеталарды колдонду. Ошентип, геосаясый кызыкчылык Иран менен Хамасты жакындаштырып, Араб-Израиль биримдигине сокку уруп жатат.
2020-жылы Израиль АКШнын жардамы аркылуу төрт Араб өлкөсү менен дипломатиялык мамилесин жолго койду. Бул үчүн Марокконун талабын четке кагалбай, расмий Раваттын батыш жээгиндеги талаштуу аймагын таанып берди. Ошол эле жылы Судан "эгер АКШ бизди терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарса, Израиль менен дипломатиялык мамилелерди жакшыртууга жол ачабыз" деди. Израилдин ортомчулугу менен Судандын талабы аткарылды. Ал эми Бахрейн менен Бириккен Араб Эмираттары соода-сатык алаканы чыңдоо багытын көздөп, Израиль менен келишүүгө макул болушту. Түпкүлүгүндө бул “Иранга каршы биргеликте аракеттенүү келишими” деп айтылды. Мына ушул биригүүлөр Иранды түкшүмөл ойго салды. Көп өтпөй Хоменей Батыш Шерианы куралданууга чакырган билдирүүсүн таратты.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында дагы бир таңкалычтуу окуя болду. Тарыхта биринчи жолу Израилдин туризм министри Хаим Катз Сауд Арабияга келди. Бирок, израилдик министрдин расмий зыяратынан кийин 7-октябрда Хамас 5 миң ракета менен Израилди бомбалады.
1912-жылдан бери Чыгышта адамдын каны суудай агууда. Сырткы күчтөр от жаккан сайын кошуналардын ынтымакта жашоо чамасы жомокко айланып барат. Ушул өңүттөн алып караганда, арабдар менен Израилдин жакындашуусу Иранды туңгуюкка кептейт. Андыктан, Иран Чыгыштын күчтүү жана өктөм өлкөсү бойдон калгысы келүүдө.
Манас Осмон
"Азия Ньюс" гезити