Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда пенсионерлердин акчасы канчага көбөйтүлгөнү айтылды

Кыргызстанда пенсионерлердин акчасы канчага көбөйтүлгөнү айтылды

17-октябрь, 15:36
299 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулап, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түздү. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 33 пайызга же 1988 сомго көп.

"Октябрь айында көбөйтүлгөн пенсияны өлкө боюнча 735 миң 900 адам алды. Бул үчүн 4 миллиард 424,3 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 миллиард 83 миллион сом, пенсиялык фонддун эсебинен 1 миллиард 341,3 миллион сом кошумча керектелди" деди ал.

Ал пенсия жарандардын стажына байланыштуу көбөйтүлгөнүн белгилеп, эмгек стажы ар бир кызматтыкы ар башкача болорун кошумчалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер