Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Сүттүн баасы түшүп кетип, элдин нааразычылыгы жаралууда”

-- Акылбек Тогузбаевич, сүттүн баасы төмөндүгүнө байланыштуу дыйкан-фермерлерден көп кайрылуулар түшүп жатканын айттыңыз. Баанын төмөн болушунун себеби эмнеде?
-- 2023-жылы июнь айында мыйзам чыгарганбыз. Ага каршы пикир келип, андан кийин быйыл 14-мартта Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып бердик. Ошол токтом бүгүнкү күнү да иштебей, элдин нааразылыгы жаралууда. Сүттүн баасы кыштын күнү бир аз көтөрүлөт дагы, азыр 20 сомго түшүп калды. Сүт менен жан багып келаткан дыйкан-фермерлер бар. “Сааган сүтүбүздү заводдор өздөрүнүн пайдасын көздөшүп, арзан алышууда. Биз ошол сүттөн түшкөн акча менен бала-чакабызды бакчу элек. Арабызда бир тыйын жөлөк пул, пенсия албагандар бар” деп өкмөткө, президентке чейин кайрылып жатышат.
Кышында жем-чөп кандай кымбат болорун баарыбыз көрдүк. Эми суукка карабай жайлоого чыгып, уюн саап, сүтүн өткөрөлү дешсе, баасы такыр эле түшүп кетти. Бирок, алардыкы түшкөн менен дүкөндөрдөгү баалар ошол бойдон турат. Ошон үчүн бүгүн маселени күн тартибине киргиздик. Министрлер келеби, алардын орун басарлары болобу, “Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтом эмне үчүн үч айдан ашса да ишке ашпай жатат?” деп сурайбыз. Ар бир кабыл алынган мыйзам, токтом иштеши зарыл. Жазылып, кабыл алынып эле калбашы керек. Европа, Америка сыяктуу чет өлкөлөрдө “элибизге таза продукция берсин” деп фермерлерге дотоция, кредиттер берилет.
-- Сиз айткандай, дүкөндөрдө сүт азыктарынын баасы арзандаган жок. Бул жагын антимонополиялык жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөшү керек го?
-- Биз “2022-жылы канча кетти? 2023-жылы, быйыл жыл башынан бери канча кетти?” деп экспорттун баарын мониторинг кылып чыктык. Экспортко дээрлик эки эсе көп чыгууда. Быштак, айран, каймак жасап, чет өлкөлөргө жиберип жатышат. Ал эми дыйкандардын сүтүнүн баасы болсо көтөрүлбөйт. Көтөрүлгөндүн ордуна, кайра ылдыйлап түшүп жатат. Быштак заводдору менен да бир эмес, үч жолу жыйналыш кылдык. Алар деле сүттүн баасы көтөрүлүшүнө каршы эмес.