Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаевдин пиар кампаниясы оппоненттерине туруштук бере албайбы?

Текебаевдин пиар кампаниясы оппоненттерине туруштук бере албайбы?

03-июль, 14:23
346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Реакция” аталышындагы митингде Өмүрбек Текебаевге эки-үч баланын тийишкени, популистке теңеп, тескери сүйлөгөндөрү реалдуу эле көрүнүш. Элдин баарына жакпайсың да. Ошол эле маалда акцияга катышуучулардын көпчүлүгү Текебаевдин келгенин, колдоп атканын жылуу кабыл алышты... Маселенин маңызы башкада, дал ушундай жагымсыз көрүнүштү “Ата Мекен” партиясынын атаандаштары пайдаланышып, соцтамактарда айгай салышуу менен көбүртүп-жабыртышып, жаманатты кылууга далбасташты. Ооба, жагымсыз болду. “Ата Мекендин” пиарщиктери лидерин коргоп калууга, оро-парадан бурулуш жасап кетүүгө, каршылык көрсөтүүгө анчейин алдары жеткен жок. Демек, шайлоого карай Текебаев пиар кампаниясын күчтөндүрүп, күрөшүүчү талаада маалыматтык саясатын алгылыктуу, таасирдүү кылууну эмитен ойлонушу кажет. А болбосо шайлоо астындагы “кылчайнашууда” бозала чаңга батып калышпаса (!) деген гана ой. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
(Видео) Алматы көчөлөрүндө адамдар кулай баштады. Себеби?..
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер