Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук илимдер академиясындагы “вандализм”

Улуттук илимдер академиясындагы “вандализм”

14-март, 09:00
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада КР УИАнын гүлбагына орнотулган Чыңгыз Айтматовдун эстелик-комплексинин жарым бөлүгүнүн академиянын эшигинин алдына көчүрүлүшү боюнча маалыматка УИАнын басма сөз кызматынын жообун жарыялаганбыз.

Чынын айтсак, илимдер академиясынын жообу бизди таңгалдырды, окуп көрөлү: “Мындай примитивдүү интригандык оюндар эч кимге пайда алып келбейт! Окуянын чоо-жайын тактабай, ойдон чыгарылып, бир жактуу гана жазылган маалымат экенин баса белгилейбиз!” деп кабат-кабат илеп белгисин коюп, кыжырланып, бир топко чейин өздөрүнө келе албай өйдө-төмөн кетишиптир. Өздөрүнүн “обонуна” салып жооп бере турган болсок, биринчиден, биздин чындыкты айтканыбыз академиядагыларга “примитив”, “ойдон чыгарылган” болуп көрүнүптүр. Ооба, биз алардай “интеллектуалдуу” интригаларды билбейбиз. Бирок эстеликтин көчүрүлгөнү факт! Негизи көчүрүү иши бүтө элек, эстеликтин жарымы “үйдө”, калган бөлүгү Чүйдө дагы деле турат. Бул вандалдардын жасаган бүлдүргүч ишиндей эле болду. Анан илимдер академиясы кайсы арына “окуянын чоо-жайын тактабай” деп кергиштеп жатат? Мындайда ким кимди бурмалап, үстөмөндөтүп, капаат сөз айтып, каап жатканы академиянын чилистендерине эле эмес, талаадагы дыйканга, дөңгөлөк үстүндө жүргөн шопурга деле айдан ачык түшүнүктүү болуп турбайбы. 

 Экинчиден, биздин маалыматта “интрига” деген сөз колдонулган эмес, академия жыландын башын чыгарып, “примитивдүү интригандык оюндар эч кимге пайда алып келбейт!” деп жер сабамыш болот. Мунусу “жаман жайын оозанып, баарын айтат” дегендей эле да. Болбосо, илимдер академиясындагы ыр-чыры бүтпөгөн интригалар менен кимдин иши бар? Академиктер өздөрү бири-бирин “шыбап”, гезит бетинен түшпөй жүргөн учурлары биринчи жолу болуп жаткан жери жок да.

 Үчүнчүдөн, биз болгону залкар жазуучуга карата текебер мамиле тууралуу, эстелиги академиянын улагасына, ылайыксыз жерге орнотулганы боюнча маселе көтөргөнбүз. Бул дооматка “бул көрүнүштү УИАнын жалпы кызматкерлери жана келип кеткендер туура эле кабыл алып жатышат” деп жооп беришкен. Суроо жаралат: бу качантан бери улуттук илимдер академиясы үчүн чечимди жалпы кызматкерлер жана келип кеткендер кабыл алып калган? Же академиктер көчөдөн келген саламчылардан акыл сурап калганбы?

Төртүнчүдөн, Чыңгыз Айтматовдун арбагын сыйлаган А.Акматалиев, А.Бөрүбаев, М.Бегалиев, М.Кидибаев, А.Эркебаев сыяктуу академиктердин эстеликтин оңтойсуз жерге, атомдун заңкайган макетинин капталына коюлушуна макулдугун бергенине күмөнүбүз бар... Аталган агайлар эстеликтин архитектуралык пландан караганда туура эмес жерге орнотулганын, эстетикалык жагынан кунарсыз болуп калганын оңдоп, жакшы ниет менен коюлган эстеликтин “бактысынын” ачылышына жоопкерчилик менен мамиле жасашат деп ойлойбуз. 

 Бешинчиден, эстеликтин көчүрүлүш максатын, маани-маңызын илимдер академиясы мындай деп түшүндүргөн: “Чыңгыз Айтматовдун академиянын алдына көчүрүлүшү – академиянын ар бир кызматкерин “күтүп” алып, “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген сөзүн эстерине салып турат”. Бүткүл адамзат, интеллектуалдуу дүйнө урматтап, сыйлап, кадырлаган улуу жазуучу илимдер академиясынын кызматкарлерине таазим кылып, ишке келатканда “күтүп алып”, акма кулактарына учкул сөздү “эстерине салып турат” деп уялбай эле жазышканын карабайсызбы! Булардын деңгээли, болгон дасмиясы ушул экен. Кайран академия! Айла жок...

Анча болду эстеликке швейцардын формасын кийгизип, жанына бир тотукушту кондуруп, академиянын президенти Канат Ермекович келатканда “Улуу урматтуу сэр Абдрахматов, өздүк сезүүңүз жакшыбы? “Ой морозду” ырдабайлыбы?” деп сайратып коюшса куп жарашчудай... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер