Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан дагы өлүм бар, сактаныңыздар!

Коронавирустан дагы өлүм бар, сактаныңыздар!

01-ноябрь, 12:20
366 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 68 адамга жугуп, вакцина албаган бир бейтап көз жумду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооругандар Бишкек шаарында көп. Ушул тушта 700дөн көп адам ооруканаларда, дагы ушунча киши үйлөрүндө дарыланып жатат.

Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 181 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери 2672 бейтап көз жумду.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 728 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш. Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, AstraZeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер